Маданий тарбиялык иштер
Университеттин коомдук иштерине дилгирлүү катышкандыгы үчүн каржы-экономика факультетинин ФК-19 окуу тайпасынын студенттери Халбаев Хамид жана Аскербек уулу Эрмек Арсланбоб эс алуу жайына 2021-жылдын 5-июнунан тартып бир жумалык жолдомо менен кыдырууга жана ден соолукту чыңдоого жиберилишти.
Факультет
Каржы-экономика факультетинин 580100 Экономика багытынын негизги
билим берүү программасын талкуулоо боюнча стейкхолдерлер (иш
берүүчүлөр) менен жолугушуу жарыясы
Каржы-экономика факультетинин 580100 Экономика багытынын негизги
билим берүү программасын талкуулоо боюнча стейкхолдерлер (иш
берүүчүлөр) менен жолугушуунун программасы
580100 «Экономика » багытындагы профилдердин иш берүүчүлөргө сунушталган окуу пландары.
580100 «Экономика » багытындагы профилдердин иш берүүчүлөргө сунушталган окуу пландары.
580100 «Экономика » багытындагы профилдердин иш берүүчүлөргө сунушталган окуу пландары.
Что такое Основная образовательная
программа (ООП)?.pdf
Университеттин «Кафедра башчыларын шайлоонун тартиби тууралуу» жобого ылайык жана окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 30 — мартындагы № 7 отурумундагы өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгынын негизинде каржы-экономика факультетинин «Экономика,бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедрасынын башчылыгына э.и.к., доцент А.Ш.Абжамилова , ал эми «Каржы жана башкаруу» кафедрасынын башчылыгына э.и.к., доцент М.М.Сотволдиева 2021- жылдын
1-апрелиндеги № 40-ни буйругу менен кызмат орундарына дайындалышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012- жылдын 29- майынын №346 буйругун негизинде «КРнын жогорку окуу жайларында профессордук- окутуучулар курамын кызмат орундарына отургузуунун тартиби тууралуу» жобого ылайык жана окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын
30 — мартындагы № 7 отурумундагы өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгынын негизинде каржы-экономика факультетинин «Экономика,бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедрасынын «Ага окутуучу» кызмат орундарына 5 жылдык мөөнөт менен А.М. Тургунов, А.И. Момуновалар университеттин 2021- жылдагы № 41 буйругунун негизинде дайындалышса, «Университеттин профессордук-окутучуулар курамынынын кызмат орундары үчүн конкурсту уюштуруунун жана өткөрүнүүнүн тартиби тууралуу» Жобосунун 2.4. пункутуна ылайык 1 жылдык мөөнөт менен «Экономика,бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедрасынын «Ага окутуучу» кызматтарына К.С.Токторов,Г.К.Калыбековалар университтеттин 1- апрелиндеги№ 42-ни буйругу менен дайындалышты.
2021-жылдын 8-апрелинде каржы- экономика факультетинин
«Каржы жана башкаруу», «Экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедраларынын биргелешкен жыйыны болуп өттү. Жыйында аккредитациянын талаптарына ылайык жана 580100 «Экономика» багытында бакалавр профилдерин учур талаптарына жараша даярдоо боюнча күн тартибиндеги орчундуу маселе каралып, жыйынга иш берүүчүлөр чакырылды. Жыйын жүрүшүндө эмгек рыногунда көйгөйлөр талкууланып, адистерди даярдоодо иш берүүчүлөрүн орду маанилүү экендигин катышуучулар баса белгилешти.Университет иш берүүчүлөр менен ар дайым тыгыз байланышта иш- чаралдарды алып барып жаткандыгын университеттин окуу иштер боюнча биринчи проректору
Т.Э. Исаков баса белгиледи. Талкууга катышкандар «Экономика» багытындагы окуу пландарды, программаларды учур талатарына жараша жаңылап туруу,зарыл сабактарды киргизүү боюнча алгылыктуу ойлорун, пикирлерин айтышты.
Жыйындын аягында жыйынтыктоочу сөзгө факультет деканы Ш.О.Шакиев чыгып катышуучуларга жана иш берүүчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, мындан ары кызматташтыкты жаңы деңгелдерге чыгарууга тилектештигин жана кызыктар экендигин билгизди.
Тарбиялык жана маданий-массалык иштери



Каржы- экономика факультетинин профессордук окутуучулук курамы 2020-жылдагы негизги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгынын негизинде университеттин жетекчилиги тарабынан татыктуу бааланды. Натыйжада, 2020-жылдын «Мыктылардын мыктылары-2020» кароо-сынагынын «Эң мыкты доценти-2020» аталышы «Каржы жана башкаруу» кафедрасынын доценти М.М. Сотволдиевага ыйгарылды.
Ал эми «Экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедрасынын башчысы Н.С.Арынова жыл жыйынтыгы боюнча Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасына ээ болду.
Ошондой эле факультеттин бир канча окутуучулары окутуунун жаңы технологияларын колдонуп сабак өтүүдө алдыңкы усулдарды жараткандыгы үчүн тийиштүү мактоолорго жана сыйлыктарга арзышты.
Атап айтканда: Университеттин ичиндеги түзүмдөр аралык мелдеште М.М.Сотволдиеванын видео сабагы 2 орунду алса, Е.А.Давлетшинанын видеосабагы 3 орунга татып,билгиленген өлчөмдө акчалай сыйлыктар менен баалышты. Андан сырткары «Экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедрасынын окутуучусу А.Н.Момунова «Эң мыкты видеосабактар-2020» сынагына катышкандыгы үчүн кызыктыруучу сыйлык иретинде 2500 сом жана «Ыраазычылык катка» ээ болду.
Факультеттин студенттик чөйрөсү дагы окуудагы ийгиликтеринде куру калышкан жок. «Социалдык иш» багытынын СИ-18тайпасынын студенти Арапбай кызы Шарипа университтеттин бир жолу ыйгарылуучу 3500 сом өлчөмүндөгү Б.Сыдыков атындагы өздүк стипендияга татыктуу болсо,
СИ-19 окуу тайпасынын студенти Абдыкадырова Айназик Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
«Жакшылыкка бир кадам» кайрымдуулук жумалыгы
Кыргыз-Өзбек университетинин каржы — экономика факультетинин социалдык иш адистигинин студенттери окутуучу Момунова Алийма Назаралиевнанын жетекчилигинде 1-октябрь карылар күнүнө карата уюштурулган «Жакшылыкка бир кадам» жумалыгы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Теориядан практикага. «Эл каттоо-2020»
Кыргыз-Өзбек университетинин каржы — экономика факультетинин социалдык иш адистигинин Си-18 тайпасынын студенттери окутуучу Момунова Алийма Назаралиевнанын жетекчилигинде жалпы Республикада жүргүзүлүп жаткан «Эл каттоо 2020» социологиялык сурамжылоого катышып, изилдөөнүн жүрүшүндө 13-ноябрдан 18-ноябрга чейин изилдөөгө багыттап билип алышып, 19-ноябрдан 27-ноябрга чейин Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан пилоттук Эл каттоого активдүү катышышты.
Факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери окуу менен гана чектелбестен окуудан сырткары ар кандай коомдук-маданий иштерге активдүү катышып келишүүдө.
Факультетте шайыр студент балдар кыздардан куралган “Брокерлер” командасы түзүлгөн, алар университеттик жана ЖОЖдор аралык деңгээлдеги Тамашоу таймаштарында кызыктуу оюндарды көрсөтүп келишет. Факультеттин студенттеринин курамынан түзүлгөн Форвард командабыз “10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө” жана “17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө” карата уюштурулган “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнунда II даражадагы диплом менен сыйланды. Студенттерибиз университеттин алкагында уюштурулган «КӨУнин мырзасы», «КӨУнин периси» кароо-сынактарына катышып, ийигиликтерди жаратып келишет. Ошондой эле университеттин деңгээлдеги «Кош жылдыз», «Устат шакирт» кароо сынактарында окутуучулар студенттер менен биргеликте катышуу менен байгелүү орундарды багындырышып келет.
Андан сырткары жыл сайын салтка айланган студенттер жана окутуучулар арасында «Спорттук спартакиадага» да биздин факультет активдүү катышып келет. Факультеттин студенттери бир гана окуу-жайдын спорттук мелдештери менен чектелбестен республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерде да жетишкендиктери көрсөтүп, спорт чебери болушууда. Бүгүнкү күндөгү дал ошондой жетишкендиктин бири, жеңил атлетика боюнча спорт чебери, бир канча республикалык жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү БУАб-15 тайпасынын студенти Абдамилова Нуржамалды айтсак болот.
Факультетте окутуучулар студенттерге таалим тарбия иштерин жүргүзүү менен бирге окуудагы ар түрдүү маселерерин чечүүгө жакындан жардам берип келишет. Ар жума сайын куратордук сааттар уюштурулуп, анда саясий-экономикалык, социалдык маселелерди талкуулашып, студенттердин дүйнөлүк көз караштарын калыптандырууда чоң салымдарын кошушууда. Факультетте сессия учурунда “Ишеним кутучасы”, “Ишеним телефону” тынымсыз иштеп турат. Андан сырткары студенттер кошуну башында болгон алдынкы студенттерден турган комиссия түзүлүп коррупцияга каршы көзөмөл иш чараларды жүргүзүшөт. Факультет мамлекеттик, шаардык жана университеттик маданий иш чараларга активдүү катышышат.
Воспитательная и культурно-массовая работа
{:}{:kg}[columns-container class=»»] [one-fourth-first]Факультеттин тарыхы[/one-fourth-first] [one-fourth]Багыттар[/one-fourth] [one-fourth]Окуу-материалдык базасы[/one-fourth] [one-fourth]Илим изилдөө иштери[/one-fourth] [/columns-container]
[vertical-spacer] [columns-container class=»»] [one-half-first]Маданий тарбиялык иштер[/one-half-first] [one-half]Биздин бүтүрүүчүлөр[/one-half] [/columns-container]
Кафедра
[columns-container class=»»] [one-half-first]Экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш[/one-half-first] [one-half]Каржы жана башкаруу[/one-half] [/columns-container]Маданий-тарбиялык иштер
Биздин факультеттин студенттери окуу менен гана чектелбестен окуудан сырткары ар кандай коомдук-маданий, тарбиялык иштер менен, спорт менен алектенишет. Факультетте шайыр студент балдар кыздардан куралган “Брокерлер” командасы түзүлгөн, алар университеттик жана ЖОЖдор аралык деңгээлдеги Тамашоу таймаштарында кызыктуу оюндарды көрсөтүп келишет. Студенттердин курамынан түзүлгөн дагы бир командабыз “Акыл таймаш” жана “Фарвард” интеллектуалдык оюндарында алдынкы орундарды багындырып келүүдө. Студенттерибиз университеттин алкагында уюштурулган «КӨУнин мырзасы», «КӨУнин периси» кароо-сынактарына катышып, ийигиликтерди жаратып келишет. Ошондой эле университеттин деңгээлдеги «Кош жылдыз», «Устат шакирт» кароо сынактарында окутуучулар студенттер менен биргеликте катышуу менен байгелүү орундарды багындырышып келет.
Андан сырткары жыл сайын салтка айланган студенттер жана окутуучулар арасында спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча «Спорттук спартакиадага» да биздин факультет активдүү катышып келет. Факультеттин студенттери бир гана окуу-жайдын спорттук мелдештери менен чектелбестен Республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерде да жетишкендиктери көрсөтүп, спорт чебери болушууда. Бүгүнкү күндөгү дал ошондой жетишкендиктин бири, жеңил атлетика боюнча спорт чебери, бир канча республикалык жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү БУАб-15 тайпасынын студенти Абдамилова Нуржамалды айтсак болот.. Ошону менен катар профессордук окутуучулар курамы да ар кандай коомдук-маданий иштерге активдүү катышып келишүүдө.
Факультетте окутуучулар студенттерге таалим тарбия иштерин жүргүзүү менен бирге окуудагы ар түрдүү маселерерин чечүүгө жакындан жардам берип келишет. Ар жума сайын куратордук сааттар уюштурулуп, анда саясий-экономикалык, социалдык маселелерди талкуулашып, студенттердин дүйнөлүк көз караштарын калыптандырууда чоң салымдарын кошушууда. Факультетте сессия учурунда “Ишеним кутучасы”, “Ишеним телефону” тынымсыз иштеп турат. Андан сырткары студенттер кошуну башында болгон алдынкы студенттерден турган комиссия түзүлүп коррупцияга каршы көзөмөл иш чараларды жүргүзүшөт. Факультет мамлекеттик, шаардык жана университеттик маданий иш чараларга активдүү катышышат.{:}