[/one-third]
[one-third]
[/one-third]
Годовой отчет
Внутреняя академическая мобильность
Международная академическая мобильность
24-25 января 2020 года, делегация Кыргызско-Узбекского университета…
22.04.2019. Кыргыз – Ѳзбек университетинин расмий ѳкүлдѳрү Ош мамлекеттик университетинде болуп ѳткѳн Түрк дүйнѳсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча I – эл аралык конгрессине катышып, конгресстин аягында
Кыргыз-Ѳзбек университети жана Туркиянын Игдир университети ортосундагы эки тараптуу келишимге жана Мевлана программасы боюнча студенттер, мугалимдер ортосунда алмашуу жөнүндө Кыргыз-Ѳзбек университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич жана Игдир университетинин ректору, профессор Мехмет Хакки Алма кол коюшту.
04.04.2019. Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-Өзбек университети ички академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматтаашуусун медициналык колледждерден баштады
К-ӨУнун медициналык колледжинин 5 студенти 1 айга Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжине окуп келүүсү үчүн жиберилди, барган студенттерди ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы ф.и.к. Амиралиев Семетей агай жылуу тосуп алып, студенттер менен кызыктуу маек куруп анан тарых үчүн сүрөткө түшкөндөн кийин, студенттер ОшМУнун медициналык колледжине ар бири өз групаларына бөлүнүштү.
Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти
Department of International Relations and Investments
30.05.2019. Ички академиялык мобилдуулук боюнча 1 семестрге Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине жана Эл аралык Ала-Тоо университетине окуп, тажрыйба алмашуу максатында кеткен студенттер окуу жайына кайтып келишти.
25.02.2019. Борбор шаарыбыздагы Ала-Тоо эл аралык университети менен ордолуу Ош шаарындагы эл аралык Кыргыз-Өзбек университетинин кызматташуусу өнүгүүдө. Учурда Тарых-филология факультетинин 3 студенти Орозалиева Акмөөр, Рысбаева Айза, Джалиева Назгуль жана Инженердик-технологиялар факультетинин 1 студенти Шаирбекова Мээрим Эл аралык Ала-Тоо университетинде ички академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жүрүшөт.
19. 02.2019. Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ички академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жүрүшөт.
Урматтуу Достуктун окуу жайы болгон Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери эгер сиздердин да Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын же болбосо Кыргызстандын ичинде кайсы бир окуу жайга окуп келүү тилегиңер болсо, бизге келиңиздер…
Биздин дарек.: К-ӨУнун башкы имараты «Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти»
14.03.2019. Казакстандагы Мирас университетинин окумуштуулары А.Т. Абдижаппаров жана Н.С. Абдуразаков эл аралык мобилдүүлүк боюнча Кыргыз-Өзбек университетине иш сапары менен келишти. Сапардын алкагында коноктор инженердик-технологиялар факультетинин студенттерине лекцияларды өтүп, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, Мирас университетине барып билим алып келүү жолдорун айтып беришти.Конокторго окуу жайдын эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин директору А.Т. Балтабаева окуу жайдын белегин тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.
12_04_2019 Кыргыз-Өзбек университетине Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинен сырткы мобилдүүлүк боюнча кыска убакыттагы окууга келген студенттер ректор Чаткалбай Райымбаев менен жолугушуп, окуу жайдын жамааты тарабынан сыйлыктар менен сыйланышты.
Ош шаары аябай жаккандыгын, мындан ары да кызматташарын айтышты.
Эскерте кетүүчү нерсе, Ферганадан келген курам бүгүн мекенине кайтат.
13. 04.2018. Кыргыз-Өзбек университетинин эл аралык ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана Кыргызстандагы ЖОЖдор менен университетибиздин ортосундагы ички мобилдүүлүктү күчөтүү максатында, Кыргыз-Өзбек университетинин эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти бир канча иш-чараларды алып барып жатат. Ошол иштердин натыйжасы катары бүгүн, 12-апрель күнү Бишкек шаарындагы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университет, ошондой эле И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттери менен Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери жана мугалимдеринин ортосунда академиялык алмашуу жана ички мобилдүүлүк боюнча кызматташтык келишимдери түзүлдү.
20.11.2018. Кыргыз-Өзбек университетинде ички академиялык мобилдүүлүк жолго коюлган
Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери ички академиялык мобилдүүлүк боюнча Бишкектеги, Жалал-Абаддагы жогоркуу окуу жайларында окуп жатышат.
Октябрь айында тарых-филология факультетинин студенттери ички академиялык мобилдүүлүк боюнча Бишкек гуманитардык университетинде 3 жумага барып билимин өркүндөтүп келишти. Ал эми азыркы учурда 6 студент И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жүрүшөт. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде табигый-педагогикалык факультетинен 6 студент билим алышууда.
14.12. 2018. Академиялык мобилдүүлүк
Октябрь, Ноябрь айларында ички академиялык мобилдүүлүк боюнча Бишкектеги К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик унтверситетине жана Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине барып таанышып, билимин жогорулатып келген студенттер менен Кыргыз-Өзбек университетинин студенттеринин жолугушуусу болду.
Жолугушууда студенттер жалпы академиялык мобилдүүлүк бюнча түшүнүк алып, чет өлкөлөргө да чыгуу тилектерин билдирип, мобилдүүлүк боюнча барып келген студенттерге суроолорду беришип, жетиштүү денгээлде жооп алышты. Ошондой эле башка мамлекетке окуу боюнча программалар жөнүндө маалымат берилип, жолугушуу студенттердин жаңы деми менен жыйынтыкталды.
КУЛАКТАНДЫРУУ!
Урматтуу К-ӨУнун студенттери!
Учурда ички мобилдүүлүк боюнча Бишкектеги Эл аралык Ала-Тоо университетине 5 орунга студенттерди бир семестирге окуп келүүгө кабыл алуу жүрүп жатат. Кабыл алуу 25-декабрга чейин улантылат. Бул окуу жайга бардык адистиктерде окуган англис тилин Б2 деңгээлинде билген студенттер заявка бере алышат.
Керектүү маалыматтарды алуу үчүн эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментине кайрылыңыздар.
(К-ӨУнун башкы имараты).