[/one-third]
[one-third]
[/one-third]
Кыргыз-Өзбек университети “Достук” фестивалына катышты
2019-жыл, 13-14-15-июнь
“Ош декларациясынын” негизинде бир нече жылдан бери жогорку окуу жайлар арасында “Достук” фестивалы өткөрүлүп келет. Бул жылы Талас мамлекеттик университетинде уюштурулуп, ага 9 жогорку окуу жайы: КӨУ (Кыргыз-Өзбек университети), ЫМУ (Ысык-Көл), БатМУ (Баткен мамлекеттик университети), ОшМУ, ОГПИ, ЖАМУ(Жалал-Абад), КУУ(Кыргыз Улуттук университети), НМУ(Нарын), ТалМУ(Талас мамлекеттик университети) катышып, таланттуу студенттер өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында достук жеңип, катышкан окуу жайларга ардак грамота, диплом, 10 000сомдон акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды. Фестивалга Кыргыз-Өзбек университети да жигердүү катышып, студенттер байгелүү орундарга, сыйлыктарга ээ болушту. Фестивалдын жүрүшүндө КӨУнун ректору, профессор Ч. К. Райымбаев жогорку окуу жайлар арасындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн 9 ЖОЖ менен келишимдерге кол койду. » “Достук» фестивалы студенттерди достоштурду, ынтымагыбызды арттырды, таланттуу студенттерге дем берди”,-деп билдирди Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор С.Т. Сарыков.Кыргыз-Өзбек университети, алга! Таланттуу студенттердин ийгилиги арта берсин!
2016-жылдын 21-майында Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын жети облусунун мамлекеттик жети жогорку окуу жайларынын ректорлору Ош декларациясына кол коюшкан. Ага К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, С. Нааматова атындагы Нарын мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, А. Мырсабекова атындагы Ош гуманитардык педагогикалык институту жана Ош мамлекеттик университети сыяктуу мамлекеттик окуу жайлар кирген. Кыргыз-Өзбек университети Ош Декларациясына 2019-жылдын 13-июнунда мүчѳ болуп кирген. Декларацияны кабыл алуу иш-аракети республиканын жогорку окуу жайларынын ички өнөктөштүк байланыштарын жакшыртып, алардын достук көпүрөсү болуу менен билимдүү жана бирдиктүү жаштарды тарбиялоодо өзүнүн үзүрлүү салымын кошууга багытталган.
Ал төмөнкүдөй максаттарды көздөйт:
— мамлекеттик жана университеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүп, өлкөнүн ички бүтүндүгүн жана окуу жайлар ортосундагы достукту чыңоо.
— ааламдашуу доорунда дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги ЖОЖдор аралык интеграцияны, мобилдүүлүктү активдештирүү жана ички академиялык алмашууну күчөтүү, студенттерди жаңы окуу чөйрөсүнө аралаштырып, сабакка болгон атаандашууларын күчөтүү жана аларды коомчулук менен тил табышууга үйрөтүү;
— ЖОЖдор арасында педагогикалык тажрыйба алмашууну өнүктүрүү, белгилүү окумуштуулардын жана профессорлордун, доценттердин конок лекцияларын, ачык сабактарын уюштуруу жана алардын стажировкалардан өтүүлөрүн камсыздоо;
— профессордук-окутуучулук курамдын илимий изилдөө иштерин биргелешип жүргүзүүгө шарттарды түзүп берүү, илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, он-лайн, телелекцияларды, видеосабактарды уштуруу;
— ири эл аралык долбоорлорду чогуу ишке ашыруу;
— окуу жайлар ортосунда маданий-массалык, спорттук иш-чараларды бирге өткөрүү;
— Баллон системасындагы кредиттик технологияны жемиштүү колдонуу менен бирге билим берүү жараянында студенттердин академиялык эркиндүүлүгүн күчөтүп, жеке траекториясын кеңейтүү ж.б.
Ош декларациясынын алкагында ар жылы мүчө окуу жайларда студенттик фестивалдар өткөрүлүп турат жана алар маданий-массалык, концерттик, оюн-зоок программалар менен коштолуп, мында активдүү жана таланттуу студенттерге дипломдор, ардак грамоталар, сертификаттар ж.б. сыйлыктар тапшырылып келет.
Жиберилүүчү студенттерден төмөнкү документтер талап кылынат:
1) Үч тараптуу келишим.
2) Окуу боюнча макулдашуу.
3) Кепилдик кат (гарант-письмо).
4) Анкета.
5) Паспорттун копиясы.
Кабыл алуучу окуу жай студенттерди жатакана менен камсыз кылат жана системалуу билим алууга карата толук шарттарды түзүп берет. Ал эми контракттык төлөмдөрдү студенттер өздөрүнүн окуу жайына төлөшөт, кабыл алуучу университетте акысыз билим алышат жана окуган предметтери, топтогон кредиттери, алган сессиялык баалары өздөрүнүн окуу жайында таанылат. Айырма чыккан предметтерди тапшыруу үчүн мобилдүүлүккө катышкан студенттерге өз окуу жайларында эки жумалык сессия уюштурулуусу зарыл. Студенттерди каттоо бир жылда эки жолу жүргүзүлөт: жазгы семестрге – декабрь айында, күзгү семестрге – май айында.