#Эл_аралык_студенттер_күнүнө_карата_куттуктоо!
Бул өмүрдө эстен кеткис учурлар көп болот. Айрыкча, студентик курак өмүрүңдүн гүлдөп турган учуру, келечек тагдырыңдын пайдубалын түптөй турган жоопкерчилиги күчтүү мезгил. Акылың тунуп, билегиңе күч толгон кез.
Ошол тунук акылды, билектеги күчтү туура пайдаланып, адамзат коомунун ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошуп, келечек тагдырыңды туура түптөй билүү ар бир инсандын ыйык милдети.
Сен билим алып жаткан окуу жай – келечегиңе жол көрсөтө турган улуу мектеп. Сага билим берип жаткан ар бир мугалим төрт жыл бою келечегиңин арыгын чаап, жандүйнөңдү сугарып, сенин эртеңки турмушуңдан түшүмүн күткөн баба дыйкан.
Алар ааламдашуу доорундагы ар бир улуттун нарк-насилин, маданиятын, баалуулуктарынын сакталышына, мезгил агымына жараша өнүгүшүнө кам көрүп, жаш адистерге тереңдетип үйрөтүп, улуттун уңгусун сактап, жаштар аркылуу элдик нарктын учу узарышына үмүт артышат.
Алардын эмгегин, үмүтүн актап, жалындаган жаштыктын өткүр учурун туура пайдалана албасаң мезгил сени кечирбейт.
Албетте, бүгүнкү жаштар андай катачылыкка жол бербейт деп ишенем.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин, урматтуу студенттери, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш достор, 17-ноябрь эл аралык студенттер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Бул даталуу күн сиздердин демиңиздерге дем, шыгыңыздарга шык кошуп, бийиктиктерди багындыруудагы алгачкы баскычыңар болуп калсын! Өлкөбүздүн желегин бийик желбиретип, далай ийгиликтерди багындырган муунга айланышыңырга тилектешмин! Сиздердин жаштык демиңиздер өлкөбүздүн өнүгүү жолуна түшкөн жаңы барагын ачсын! Ар бир күнүңүздөр эстен кеткис ийгиликтер менен коштолсун!
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич.

