Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы Тиешелүү документтер
Кыргыз-Өзбек университетинин Бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы алгачкы жолу 300дөн ашуун бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда 2018-жылдын 12-апрель күнү түзүлгөн. Жолугушууда Кыргыз-Өзбек университетинин Бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын жобосунун долбоору катышуучуларга тааныштырылып, бир добуштан жобосу кабыл алынган. Кыргыз-Өзбек университетинин Бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын кеңешинин курамы 21 адамдан турат. Ошондой эле квартал сайын отурумдарды өткөрүп келет.
Бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын төрагасы болуп Маматов Мирбек Акжигитович шайланган. Маматов Мирбек Акжигитович Кыргыз-Өзбек университетинин Инженердик-технологиялык факультетин 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылдардан тартып, Кыргыз-Өзбек университетинде окутуучу, билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси жана 2010-2012-жылдары билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген. Азыркы учурда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын «Ошгаз» филиалынын директорунун орун басары болуп эмгектенип келүүдө.
Ал эми “Мугалим мөмөлүү дарак» демекчи, окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары, жалпы жамааты, коомубузга керектүү болгон адистерди даярдап, элибизге, жерибизге, мекенибизге жана жалпы адамзатка пайдасы тийсин деп, жакшы максаттар менен студент жаштарды татыктуу тарбиялап, мыкты бүтүрүүчүлөрдү, кадрларды университетибизден,тагыраагы билим уябыздан чыгарып келет. Кыргыз-Өзбек университетибизде ар дайым келечек муун үчүн өтө жогорку денгээлде сабактар өтүлүп, дасыккан кесип ээси болуусуна шарт түзүлгөн. Ошол татыктуу билимди алышып, азыркы учурда ар тармакта «Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүз» иштеп келишүүдө, алар окуу жайыбыздын коомубузда татыктуу орду бар экендигине далил боло алат.
Мисал үчүн айрымдарына токтоло кетсек:
Бакиров Өмүрбек Мырзараимович: Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Vl-чакырылышынын депутаты.
Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы.
Азимов Жасур Махмудович: Ош шаарынын Вице-мэри.
Кадырбердиев Беделбай Жалалович : Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасынын жетекчиси.
Канатбек уулу Талантбек: ЭлТР МТРКсынын тележурналисти, алып баруучу.
Шоноев Мирлан Курманбекович : «Халык Банк Кыргызстан Ош» банкынын Түштүк региону боюнча башчысы.
Идрис Айитбаев: Орто Азияга таанылган, 6 тилде эркин сүйлөй алган белгилүү төкмө акын.
Ибрагимов Азизбек Арстанбекович : ЭлТР МТРКсынын башкы юристи.
Тагаев Акмурза: Аксакалдар кенешинин төрагасы, Баткен окуясынын баатыры.
Эсенкулов Артур Бактыбекович: «АККА» күйүүчү май куючу комлексинин, Ош эл аралык аэропортунун генералдык директору.
Юсупов Алишер Шавкатбекович: Кыргыз- Өзбек университетинин Окуу департаментинин директору.
Темиркулов Мундузбек Анаркулович : “TEXNOME” компаниясынын түштүк региону боюнча башчысы.
Максытов Кимсанбек Ырысбаевич: Радиорелейлик станциалардын түштүк башкармалыгы боюнча 1чи категориядагы инженери.
Казаков Музаффар Абдуллаевич: “Jazeera Travel” туристтик агенттиктин аткаруучу директору.
Жакыпов Кычан Мамрасулович: Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын инженери.
Нурматов Данияр Саипжанович: КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын регионалдык мененджери.
Ибайдуллаев Хайрулло Хабибуллаевич: “Сулайман-Тоо” тарыхый,археологиялык муз.комплексинин директорунун орун басары.
Каракожоев Султанбек Жалалович: «Өнүккөн келечек жаштары” коомдук фондунун директору.
Абдуллаев Куттубек Абдибакыевич: Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы.
Исманов Эрмек Марипжанович: КРнын улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын акча жүгүртүү бөлүмұнүн жетектөөчү адиси.
Исмаилова Бурул: “Ош шамы” гезитинде башкы редактор.
Токтошев Дооран Эргешбаевич: «Ош шамы” гезитинин башкы менеджери.
Парпиев Жасур Мирзажанович: «Ал Фаиза» жана «Жасур Аш» борборлорунун негизөөчүсү.
Исмаилов Нуркыял Качыбекович: «Халык Банк Кыргызстан Ош» банкынын Кара-Суу районунда башкы оператору.
Юсупов Аброрбек Мухтаржанович: №6 З.Розахунова мектебинин директору.
Махмудов Анваржон Хамитжонович Араван районундагы. З. М. Бабур атындагы мектептин директору.
Алмазбек кызы Назима: Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү агенттигинин башкы адиси.
Маматисаков Шадман «ЭлТР» МТРК Редактор, «Билерман ордо » интеллектуалдык телеоюнунун мыкты оюнчусу.
Дурусбек Касымов: ЭлТР» МТРКсынын кызматкери.»Билерман ордо » интеллектуалдык телеоюнунун мыкты билерманы.
Илгизбек Шамырзаев: №52 Кыргыз-түрк достук мектеп-гимназиясында мугалим. «Билерман ордо » интеллектуалдык телеоюнунун мыкты билерманы ж.б.
Жогорудагы аты аталган жана аты аталбаган «Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүз» ар тармакта коомубузга, мекенибизге өз салымдарын кошуп келүүдө.
Кыргыз — Өзбек университетинин тарыхында алгачкы жолу көпчүлүктүн катышуусунда «К- ӨУнүн Бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу» болуп өттү жана 12-апрель — Бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнүнө туура келди ! » Мугалим мөмөлүү дарак» демекчи, окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары, жалпы жамааты, коомубузга керектүү болгон адистерди даярдап, элибизге, жерибизге,мекенибизге жана жалпы адамзатка пайдасы тийсин деп, жакшы максаттар менен студент жаштарды татыктуу тарбиялап, мыкты бүтүрүүчүлөрдү, кадрларды университетибизден,тагыраагы билим уябыздан чыгарып келет. Кыргыз-Өзбек университетибизде ар дайым келечек муун үчүн өтө жогорку денгээлде сабактар өтүлүп, дасыккан кесип ээси болуусуна шарт түзүлгөн. Ошол татыктуу билимди алышып,азыркы учурда ар тармакта «Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүз» иштеп келишүүдө, алар окуу жайыбыздын коомубузда татыктуу орду бар экендигине далил боло алат. Мисал үчүн айрымдарына токтоло кетсек:
Идрис Айитбаев: Орто Азияга таанылган, 6 тилде эркин сүйлөй алган белгилүү төкмө акын.
Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич: Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин депутаты.
Кадырбердиев Беделбай Жалалович : Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасынын жетекчиси .
Канатбек уулу Талантбек Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысынын башчысы.
Шоноев Мирлан Курманбекович : «Халык Банк Кыргызстан Ош» банкынынТүштүк региону боюнча башчысы .
Ибрагимов Азизбек Арстанбекович : ЭлТР МТРКсынын башкы юристи .
Тагаев Акмурза: Аксакалдар кенешинин төрагасы, Баткен окуясынын баатыры.
Эсенкулов Артур Бактыбекович: «АККА» күйүүчү май куючу комлексинин, Ош эл аралык аэропортунун генералдык директору.
Юсупов Алишер Шавкатбекович: Кыргыз- Өзбек университетинин Окуу департаментинин директору.
Маматов Мирбек Акжигитович: «Газпром Кыргызстан» ЖКнын “Ошгаз” филиалынын директорунун орун басары .
Темиркулов Мундузбек Анаркулович : «Скай Мобайл» (Beeline соода маркасы) Корпоративдик кардарларды өнүктүрүүнүн түштүк региону боюнча менеджери . Максытов Кимсанбек Ырысбаевич: Радиорелейлик станциалардын түштүк башкармалыгы боюнча 1чи категориядагы инженери .
Казаков Музаффар Абдуллаевич: “Jazeera Travel” туристтик агенттиктин аткаруучу директору
Жакыпов Кычан Мамрасулович: Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын инженери .
Азимов Жасур Махмудович: Ош шаардык кенешинин депутаты.
Нурматов Данияр Саипжанович: КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын регионалдык мененджери .
Казаков Музаффар Абдуллаевич: “Jazeera Travel” туристтик агенттиктин аткаруучу директору.
Ибайдуллаев Хайрулло Хабибуллаевич: “ Сулайман-Тоо” тарыхый,археологиялык муз.комплексинин директорунун орун басары .
Каракожоев Султанбек Жалалович: «Өнүккөн келечек жаштары” коомдук фондунун директору.
Исманов Эрмек Марипжанович: КРнын улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын акча жүгүртүү бөлүмұнүн жетектөөчү адиси .
Исмаилова Бурул: “Ош шамы” гезитинде башкы редактор Токтошев Дооран Эргешбаевич: «Ош шамы” гезитинин башкы менеджери.
Парпиев Жасур Мирзажанович : « Жаш ишкерлер ассоциациясынын » аткаруучу директору .
Исмаилов Нуркыял Качыбекович: .Ош АКБ Кыргызстан банкынын башкы бухгалтери .
Абдуллаев Куттубек Абдибакыевич: Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы.
Юсупов Аброрбек Мухтарпжанович: №6 З.Розахунова мектебинин директору.
Махмудов Анваржон Хамитжонович Араван районундагы. З. М. Бабур атындагы мектептин директору.
Алмазбек кызы Назима: Жаш дем коомдук бирикмесинин акын жана активист.
Маматисаков Шадман «ЭлТР» МТРК Редактор, «Билерман ордо » интеллектуалдык телеоюнунун алып баруучусу.
Дурусбек Касымов: ЭлТР» МТРКсынын кызматкери.»Билерман ордо » интеллектуалдык телеоюнунун мыкты билерманы.
Илгизбек Шамырзаев: №52 Кыргыз-түрк достук мектеп-гимназиясында мугалим. «Билерман ордо » интеллектуалдык телеоюнунун мыкты билерманы.
Мындан сыртакры сыймыктуу бүтүрүүчүлқөрүбүз көп, буйруса дагы алар жөнүндө маалымат беребиз.
Ушул аты аталган жана аты аталбаган «Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүз» билим алган жана учкан уябызга кайтып келип,жолугушуу уюштурулуп, Кыргыз — Өзбек университетинин тарыхында алгачкы жолу көпчүлүктүн катышуусунда «К- ӨУнүн Бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу» болуп, ачык добуш менен бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын төрагасына Маматов Мирбек бүтүрүүчүбүз шайланды. Жаны төрагага жана келип катышкан жана баардык бүтүрүүчүлөрүбүзгө ийгилик каалайбыз! Алга Кыргыз — Өзбек университети.
К-ӨУнүн «Сыймыктуу бүтүрүүчүсү» Ашуров Азизбек Джусунбековичти дүйнөдөгү эң абройлуу БУУнун аябай кадыр-барктуу » Нансен» Сыйлыгын алышы менен куттуктайбыз!
Сыйлык ээси бул ийгиликтерге жетишүүнүн натыйжасында биздин Кыргызстандын жарандыгы жок адамдардын санын кескин кыскарткан дүйнөдөгү биринчи өлкө катары таанылышына чоң салым кошту.
Ашуров Азизбек Джусунбекович, 1981-жылы 17-октябрда Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна караштуу Токтогул айылында жарык дүйнөгө келген. Союз курагандан кийин Эгемендүү Кыргызстанга (атасы Жалал-Абад облусунда туулган) үй-бүлөсү менен көчүп келип, Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин Юридика-бажы факультетин 2003 жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Ошол эле жылы жаңы түзүлгөн «Фергана өрөөнүнүн чекарасыз юристтери» коомдук бирикмесинде юрист катары өз эмгек ишмердүүлүгүнүн баштаган. Негизги иш багыттары калктын өзгөчө муктаж болгон катмарларына акысыз укуктук жардам берүү болчу. 2008 — жылдан тартып, жогоруда аталган коомдук бирикмени жетектей баштаган. Коомдук бирикменин иш-аракеттери аркылуу мамлекетибиздин калкына гана эмес мамлекеттик кызматтарга да укуктук-методикалык колдоо колдоо көрсөтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жемиштүү салым кошуп келе жатат. Мамлекеттик органдар менен болгон кызматташтыктын ийгиликтеринен улам 2010 -жылы мамлекеттик чек ара кызматчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Чекара Кызматынын медалы ыйгарылган. Бул чекарачылардын кесипкөйлүүгүн жогорулатууга кошкон салым үчүн берилген. 2014 -жылдан бери Орто Азияда биринчи жолу Кыргызстанды Ош жана Жалалабад облустарында жарандыгы жок абалда калган адамдарды, аларга жарандуулугун аныктоо боюнча чон долбоор Мамлекеттик каттоо кызматы, Өкмөттүн облусттардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана БУУнун колдоосу менен башталган. Ошол жөрөлгө акыркы 4 жыл ичинде бүткүл өлкө аймагында өткөрүлүп чон жетишкендиктерге алып келди. Бул ийгиликтер Кыргыз Республикасынын жарансыздыкты жоюу боюнча биринчи дуйнөдөгү өлкө деп таанылышына алып зор салымын кошту. Окуу жайыбыздын «Сыймыктуу бүтүрүүчүсүн» чоң ийгиликтери менен дагы бир жолу куттуктап, тажрыйбасы бай жакшы жамаатыңыз менен биргеликте зор жетишкендиктерди багындырып, ушул мыкты аракетиңизден жазбай, коомубузга көп пайда алып келген, баарыбыз сыймыктанган мыкты инсандардан болуп жүрө беришиңизге тилектешпиз!
Мыкты таймаш » Билерман ордо» интеллектуалдык телеоюну бүгүн ЭлТР МТРКсынын эфиринде саат 19:30дар чамасында көрсөтүлөт. 6/1 жакшы эсеп менен жеңишке жетишип, финалдык турга командабыз жолдомо алып, кызыктуу оюн көрсөткөнү аракет кылып келүүдөбүз. Телекөрүүчүлөргө каршы мыкты оюнчулар Дурус Касымов, Бекжан Осмонов,Насридин Ахунов,Илгиз Шамырзаев, жаш активдүү билерман Ыман Нурдинов жана команданын капитаны Сагын Маманов ойномокчу. Алып баруучу Талантбек Канатбек уулу. Билим, акыл таймашы, интеллектуалдык деңгээлибиздин өнүгүшүнө чоң салымдарын кошуп келет. Дүйнөдөгү эң чоң инвестиция бул билимге сарпталган инвестиция болуп эсептелинет. Терең билим алуу менен бирге шаарыбыздын өнүгүшүнө, буйруса Эгемендүү Кыргыз Мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө өз салымдарыбызды кошууга чакырабыз.
Талаштан тактык жаралат,мыкты таймаш!25-август күнү «Илим жана Билим» ЭлТР каналында кечки саат 21:30дар чамасында теле көрүүчүлөргө каршы биздин команда ойнойт. Оюнчу-Билермандар:Идрис Айитбаев — Орто-Азияга таанымал белгилүү төкмө акын, мыкты тренер,мыкты тамада, Мелис Музулманов-Республика боюнча «Мыкты мугалим» сынагынын женүүчүсү,мектеп мүдүрү,Дурус Касымов-котормочу,мыкты алып баруучу,Илгиз Шамырзаев-республикалык «Педагогикалык дебют» сынагынын женүүчүсү,китеп түзүүчү,Насирдин Ахунов — чет өлкөлөрдөн тажрыйба топтоп келген мыкты кадр жана команда капитаны Кыргыз-Өзбек университетинин Карьера борборунун жетекчиси,окутуучу,аспирант Сагынбек Маманов! Финалдык таймашка демөөрчүлүк көрсөткөн Кыргыз—Өзбек университетине,мыкты жетекчибиз,окуу жайыбыздын ректору Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичке терең ыраазычылык билдиребиз!Кудуреттүү Аллахым бизди ыйык күндө колдоп,кыйын күндө коргоп,буйруса инсандардын,айрыкча жаштардын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүп,билим алууга болгон кызыгуусун өстүрүп ,Ош шаарыбызды, Кыргызстаныбызды сырт жакка тааныталы деген максатта 10 жылдан бери «Билерман ордо» интеллектуалдык телеоюнуна активдүү катышып келебиз,алыскы айылдарда,мамлекетибиздин баардык региондорунда,керек болсо сырткы мамлекеттерде да оюнубузду чыдамсыздык менен күтүп көргөн күйөрман инсандар бар экенине биз кубанычтабыз,чындыгында көптөгөн өлкөлөрдө барганыбызда бул программабызды көрүп турарын,билерин айтышып,бизди жылуу кабыл алган учурлар көп болгон,кудаа кааласа келечекте дагы изденип,таймашты өнүктүрүп,байлык топтосон чачылат,бийликке умтулсаң жоголот,бирок билим алсаң же билим берсең азайбайт,жоголбойт,сөзсүз көбөйөт,дегендей Жаратканыбыз бизге канча өмүр берсе,буйруса ошончо шаарыбыз,Эгемендүү Кыргыз Мамлекетибиз үчүн кызмат кыла бермекчибиз!(Бул оюнубуздун кайталанышын 26-август күнү эрте менен саат 10:10дар чамасында көрсөңүздөр болот)
Супер таймаш! 4-август күнү «Илим жана Билим» ЭлТР каналында саат 21:30дар чамасында теле көрүүчүлөргө каршы биздин команда ойнойт. Оюнчу-Билермандар:Идрис Айитбаев — Орто-Азияга таанымал белгилүү төкмө акын, мыкты тренер,мыкты тамада, Мелис Музулманов-Республика боюнча «Мыкты мугалим» сынагынын женүүчүсү,мектеп мүдүрү,Дурус Касымов-котормочу,мыкты алып баруучу,Илгиз Шамырзаев-республикалык «Педагогикалык дебют» сынагынын женүүчүсү,китеп түзүүчү,Насирдин Ахунов — чет өлкөлөрдөн тажрыйба топтоп келген мыкты кадр жана команда капитаны Кыргыз-Өзбек университетинин Карьера борборунун жетекчиси,окутуучу,аспирант Сагынбек Маманов! Кудуреттүү Аллахым бизди ыйык күндө колдоп,кыйын күндө коргоп,буйруса инсандардын,айрыкча жаштардын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүп,билим алууга болгон кызыгуусун өстүрүп ,Ош шаарыбызды, Кыргызстаныбызды сырт жакка тааныталы деген максатта 10 жылдан бери «Билерман ордо» интеллектуалдык телеоюнуна активдүү катышып келебиз,алыскы айылдарда,мамлекетибиздин баардык региондорунда,керек болсо сырткы мамлекеттерде да оюнубузду чыдамсыздык менен күтүп көргөн күйөрман инсандар бар экенине биз кубанычтабыз,чындыгында көптөгөн өлкөлөрдө барганыбызда бул программабызды көрүп турарын,билерин айтышып,бизди жылуу кабыл алган учурлар көп болгон,кудаа кааласа келечекте дагы изденип,таймашты өнүктүрүп,байлык топтосон чачылат,бийликке умтулсаң жоголот,бирок билим алсаң же билим берсең азайбайт,жоголбойт,сөзсүз көбөйөт,дегендей Жаратканыбыз бизге канча өмүр берсе,буйруса ошончо шаарыбыз,Эгемендүү Кыргыз Мамлекетибиз үчүн кызмат кыла бермекчибиз!(Бул оюнубуздун кайталанышын 5-август күнү эрте менен саат 10:30дар чамасында көрсөңүздөр болот)