Сыймыктуу бүтүрүүчүлөр

Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы   Тиешелүү документтер    

Бүтүрүүчүлөр базасы 

Сыймыктуу бүтүрүүчүлөр


«К-ӨУнүн » Сыймыктуу бүтүрүүчүсү» Абдуллаев Куттубек Абдибакыевичти куттуктайбыз!
Абдуллаев Куттубек Абдибакыевич Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр У. Кочкоров кол койгон. Ал буга чейин Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгын жетектеп турган. Аракетчил, идеяга бай » Сыймыктуу бүтүрүүчүбүз» Кыргыз- Өзбек университетинин Инженердик-технологиялык факультетин 2008-жылы аяктаган. Калайык калкыбызга, мекенибизге татыктуу кызмат кыларына ишенебиз жана тилектешпиз.


Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүзгө рахмат!

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз-Өзбек университетинин сыймыктуу бүтүрүүчүсү Бакиров Өмүрбек Мырзараимовичке окуу жайыбыздын 25 жылдык мааракесине катышып, ар бир инсандын жүрөгүнө жетчү мыкты тилектерди айтып, биз менен тыгыз байланышта кызматташкандыгы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ар дайым мекенибиз үчүн күйүп жанып, университетибиздин атын алыска тааныткан, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнөн болуп, жакшы ийгиликтер коштой беришине тилектешпиз!


«К-ӨУнүн Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү»

Кыргыз-Өзбек университетинин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы, жалпы сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү окуу жайыбыздын 25 жылдык мааракеси жана көрүнүктүү илимпоз, академик М.Т.Мамасаидов агайыбызды 70 жылдык юбилейи менен кызуу куттуктадык. Жалпы сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүздүн атынан, өзгөчө белектерди бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы М.А.Маматов жакшы калоо тилектерин билдирип, окуу жайыбызды өнүктүрүп жетектеп келе жаткан ректорубуз Ч.К.Райымбаевге, 70 жылдык юбилей ээси, белгилүү илимпоз, академик устатыбыз М.Т.Мамасаидовго тапшырды!
Университетибиз өркүндөп өсүп, келечекте дагы баардык тармакта мыкты ийгиликтерди жараткан сыймыктуу бүтүрүүчүлөр чыга беришине тилектешпиз!


Бүтүрүүчүлөр

Кыргыз-Өзбек университетинин «Сыймыктуу Бүтүрүүчүсү»

Исмаилова Бурул Абдыкалыковна!
Кичи мекени — Өзгөн району Мырзаке айылы.
2003- жылы мектепти артыкчылык менен аяктап, К-ӨУнун Тарых-филология факультетине тапшырып, артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 2008- жылы «Супер-Инфо» гезитинде корректор болуп эмгек жолун баштаган. 2009- жылы кабарчы, шеф-редактор, 2010- жылы жооптуу редактор, 2011-жылы башкы редактордун орун басары, 2012- жылдан башкы редактор болуп иштеген. 2014-жылы Ош шаардык «Ош шамы» гезитине башкы редактор болуп дайындалып, ошондон бери бул кызматты аркалап келүүдө. Республикалык «Манас Жаштары» сыйлыгын, өкмөттүк, облустук, шаардык бир канча сыйлыктарга ээ болгон.
Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу факультетинин магистранты. Илимий чөйрөдө өз кесиби боюнча эркин изилдөөчү. Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиянын мүчөсү.бир канча китептердин рецензенти, редактор- корректору. Үй-бүлөлүү, жолдошу экөө эки баланы тарбиялап келишет.


Биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөр

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев:

“Устаттарыма даңк!”

Урматтуу Кыргыз-Өзбек университетинин агартуучулары, ардактуу устаттар! Мен сиздерди 5-октябрь – Мугалимдердин Эл аралык майрамы жана 25 жылдык маараке менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Жашоонун агымы мени дал ушул куттуу окуу жайга жетелеп, сиздердей улуу инсандардын, чыгармачыл мугалимдердин колунан билим алуума себеп болгон таалайыма ыраазымын! Анткени сиздердин билимиңиздер, тунук акылыңыздар, берметтей баалуу мыкты сапаттарыңыздардын натыйжасында көп ийгиликтерди багындырууга жетиштим десем болот. Учурдан пайдаланып ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө эки дүйнөлүк бакыт, жашоонун арбын жыргалын, өмүрдүн узунун, ден соолуктун бекемин, ал эми ар бир баскан кадамыңыздар ийгилик менен коштолуп, окутуп жаткан студенттериңиздерди билим менен суугарган бул ыйык кесибиңиздердин үзүрүн көрүп, илимиңиздер мындан да жогорку тепкичтерге көтөрүлсүн демекчимин! Бар болуңуздар, менин сүйүктүү устаттарым! Даңк сиздерге! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!


ыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүсү, журналист Назима Алмазбекова:

“Мен университетим менен сыймыктанам”

Кыргыз-Өзбек университетинде 2009-2017-жылдар аралыгында эки окууну окуп бүтүрдүм. Биз окуп жүргөн учурда деле университеттин шарттары жакшы болчу. Билим берүү сапатына жакшы көңүл бурулат эле. Студенттер коомдук иш-чараларга активдүү катышчубуз жана ар бир күнүбүз шаңдуу өтчү. Учурда жаңы илимий, маданий борборлор ачылыптыр. Бул дагы болсо окуу жайдын жетишкендиги деп ойлойм. Иштерим көптүгүнө байланыштуу акыркы жолу окуу жайга 2-сентябрда мугалимдеримди билим майрамы менен куттуктап барып келдим. Окуу жайды жогорку деңгээлге көтөрүп, талыкпай тарбия берип, балапандан бүркүт таптап учуруп жаткан илимдин изги жолунда жүргөн агай-эжекелерге, өзгөчө ректорубуз Чаткалбай Кенейбаевичке ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалайм! Университетим менен сыймыктанам. 25 жашың кут болсун, билим уям!


ЭЛТР МТРКсынын кызматкери Талант Канатбек уулу:

“25 жылдык юбилей кут болсун!”

Кыргыз-Өзбек университети өзүнүн 25 жылдык тарыхында Кыргызстандагы алдыңкы университеттердин катарын толуктай алды. Анткени, мындай ийгиликке жетүүдө окуу жайдын окуу-материалдык базасы, күчтүү профессионалдык жамааттын салымы опол тоодой. Мен бул университеттин бүтүрүүчүсү катары кайсыл жерде болбосун сыймыктануу менен айтып жүрөмүн. Бул окуу жайдын дагы бир өзгөчөлүгү интернационалдык, достук багытында окуп жаткан коңшулаш мамлекеттерден келген студенттерди да өз ордосуна тартып, эл аралык деңгээлге чыга алгандыгында. Учурда Кыргыз-Өзбек университетин аяктаган адистер дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иштеп, өз багытын аныктап алышкан. Буйруса КӨУнун келечеги алдыда. Бардык мугалимдер жамаатына дагы бир жолу рахматымды айтамын. Бар болунуздар! 25 жылдык юбилей кут болсун!


Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов:

“Окуу жайыбыз өнүгүп-өсө берсин!”

Кыргыз-Өзбек университети алгачкы ачылган жылы келип, 1999-жылы окутуучу болуп иштей баштаганмын. 2004-жылы кандидаттык диссертацияны Ташкенттен жактадым. 2005-жылы доцент наамын алып, 2006-жылы каржы-экономика факультетинде декан болуп иштедим. 2016-жылы Ош шаардык кеңешине депутат, 2018-жылдын октябрь айынан баштап Ош шаарынын вице-мэри болуп иштеп келе жатам. Университеттен алган билим менен бүгүнкү күндө ушундай жетишкендикке жетүүдөмүн. Менин студенттик күндөрүм, жаштыгым окуу жайда өттү. Он тогуз жыл университетте иштедим. Бүгүнкү күндө университетибиз 25 жылдыгын белгилеп турат. Окуу жайыбыз өнүгүп-өсө берсин. Окутуучулар жамаатынын иштерине ийгилик каалайм! Окуп кеткен окуу жайыбызды эч качан унутта калтырбайбыз, ар дайым ар тараптан колдоп турабыз. Жергиликтүү бийликтен кандай жардам керек болсо да даярбыз. 25 жылдык маараке кут болсун!


КРнын Жогорку кеңешинин 6-чакырылышындагы депутаты Өмүрбек Бакиров:

“Кыргыз-Өзбек университети – келечеги кең, тарыхы түптүү окуу жай”

Урматтуу Кыргыз-Өзбек университетинин жалпы жамааты! Баарыңыздарды окуу жайыбыздын 25 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз-Өзбек университетинин келечеги кең, тарыхы түптүү окуу жай. Мен дагы бир кездерде бул окуу жайыбыздын босогосун аттап, татыктуу окутуучуларыбыздан терең билим, тарбия алганмын. Көптөгөн ийгиликтерге жетишиме туура жол көрсөткөн билим ордосу катары салымы чоң. Дасыккан устаттарыбыздын эмгеги, окуу жайдын жетиштүү материалдык базасы аркылуу толук кандуу кесип ээлери болуп чыгышыбызга түрткү болду. Биздин бүтүрүүчүлөр коомубузга керектүү болгон, мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошо турган пайдалуу кесиптердин ээлери болушуп, жалпы жарандарыбызга түрдүү жардамдарын көрсөтүп келишүүдө. Дагы бир жолу Кыргыз-Өзбек университетинин жетекчилигин, окутуучулар курамын, бүтүрүүчүлөрүн жана жалпы студенттерин 25 жылдык юбилейи менен куттуктап, ар бириңиздерге чын ден соолук, узун өмүр, эки дүйнө бактылуулук каалайм! Окуу жайымды мекенибиз үчүн күйүп бышкан уул-кыздарды тарбиялап, өз салымын кошууга чакырам. Алдыда аманчылык, тынчтык, достук өкүм сүрүп, Кыргыз-Өзбек университети 50-70-100 жылдык мааракелерин белгилешине ниеттешмин!


Биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөр

“Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Автандил Добулбеков:

“Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүсү экениме сыймыктанам”

Капкара, арык баланы тосуп алды

-2005-жылы мектепти аяктап, Кыргыз-Өзбек университетинин Тарых-филология факультетине тапшырдым. Далай кадр даярдап, уядан учурган окуу жай мугалим болом деген максаты бар, дүӊүрөйгөн капкара айылдык баланы эшигин кенен ачып тосуп алды. Ошентип, кыргыз филологиясы кафедрасын тандап, 2010-жылы окууну ийгиликтүү аяктадым. Кудайдын буйругу экен, бүгүн журналистика тармагында эмгектенип жүрөм. Учурдан пайдаланып, мага 5 жыл бою билим берип, акыл-насаатын айтып, жол көрсөткөн агай-эжейлердин баарына ыраазычылык билдирем. Өзгөчө, кыргыз филологиясы кафедрасынын эмгек жамаатына, ошол кездеги факультет деканы Аида Балтабаевага, кыргыз филологиясы кафедрасынын ал кездеги жетекчиси Бүшарипа Үкүева, окутуучуларым Назира Тилекова, Өмүркан Алибекова, Гүлжамал Тойчуева, Бактыгүл Исмаилова, Сюита Жусуева, Миргүл Кашкариева, Динара Ызабекова, Жаныбек Туралиевдерге рахматым чоң.

Чыгармачылыгыма жол көрсөтүштү

— Билбейм, кимде кандай. Кыргыз-Өзбек университети – мен үчүн ыйык жана бийик бойдон калат. Анткени, эмгек жолумдагы чыйырдын алгачкы издери дал ушул жерден башталды. Кантип? 1-курста ыр жазып баштадым. Ошондой курак окшобойбу, сулуураак кыз көрсөм эле сүйүп кала берчүмүн. Анан аларга арнап сүйүү ырларын жазам. Жазган ырымды улам окутуучуларга окутам, “укмуш жазыпсыӊ” деп мактап коюшса дердейе түшөм. Азыр ойлосом, дегеле ыр деп эсептебей турган ырымды мугалимдер укмуш деп мактап, көӊүлүмдү көтөрүп коюшчу экен. Бул – накта мугалим жасачу иштин бир бөлүгү эмеспи. Жаш, өссүн, ачыгын айтсак шагы сынып калат дешсе керек да. Акын болуп кетиш кайда, ошентсе да 5 жыл ичинде бир топ такшалдыӊ дешчү. Бул арада “Мен баарынан жазды сүйөм” деген аталышта ыр жыйнагым чыгып, жалпы университеттик деӊгээлде ал китептин бет ачарын уюштуруп беришти. Жазган ырларым университеттин “Достук планетасы” гезитине байма-бай жарыяланып жатты. Окуудан тышкары убакта “Гранит” телестудиясында кадр артында текст окуп, көрсөтүү даярдап берип жүрүп журналистикага кызыгып кеттим

Юбилей кут болсун!

— Кыргыз-Өзбек университети – достуктун окуу жайы. Окуу жайдын 25 жылдык мааракеси менен ректор Чаткалбай Райымбаев башында турган окуу жай жетекчилигин, илимий кызматкерлерин, окутуучулар жамаатын жана студенттерди чын жүрөктөн куттуктайм! Заман агымынан артта калбай, алдыда дагы өлкөбүзгө кызмат кыла турган мыкты кадрларды даярдай береринен күмөнүм жок. Себеби, мыкты, жумушун сүйгөн, кесипкөй адистер эмгектенген окуу жайда андан башкача болушу мүмкүн эмес. Дагы бир жолу 25 жылдык юбилей кут болсун! Мен Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүсү экениме сыймыктанам!

Бүтурүүчү

Кыргыз-Өзбек университетинин «Сыймыктуу Бүтүрүүчүсү»

Шарипов Фархад Шаиржанович
Жекече маалымат
Туулган жылы,айы:19.04.1984-ж.
Ош шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы орто мектепте 1990-2000 жылдары билим алган.
2000-жылы Кыргыз-Өзбек университетине окууга кирип, 2005-жылы Каржы-экономика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.Студенттик шаардык спорттук таймаштарда эркин күрөш боюнча биринчиликти багындырган.
2006-жылы Америка Кошмо Штатына сапар алган.
Эркин күрөш боюнча шаардык, облустук, республикалык таймаштардын жеңүүчүсү.
Коло медалынын жана күмүш медалынын ээси жана Кыргызстандагы мырзалардын арасындагы эркин күрөш түрүнөн спорттук мелдештин жеңүүчүсү.
Джи — джитсу боюнча Америка Кошмо Штатынын чемпиону.
NAGA чемпиону спорт чеберлери арасында.
Самбо боюнча Америка ачык чемпионатынын жеңүүчүсү.
Спорттун ММА түрү боюнча Real Fighting Championship жана TITAN FC аталышындагы дүйнө чемпиону.
Спорттун көп түрүнө кызыгат, о.э. проф.к бокс боюнча ийгиликтерди жараткан.


Кыргыз-Өзбек университетинин «Сыймыктуу Бүтүрүүчүсү»

АЙИТБАЕВ ИДРИС
АБДУСАТТАРОВИЧ

ЖЕКЕЧЕ МААЛЫМАТ
• Улуту: Кыргыз
• Туулган жылы: 12.01.1985
• Туулган жери: Өзбекстан рес. Андижан обл.Коргон-Төбө рай. Токтогул колх. Намуна айылы.
БИЛИМИ
• Жогору
• 2003-2008-ж. Кыргыз-Өзбек Университетинин «Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер» факультетинин Англис тили мугалими адистигин аяктаган.
• 1997-2003-ж Өзбекстанда, №30-Экономика жана укук багытындагы лицейди аяктаган.
• 1991-1997-ж Өзбекстанда, Намуна айылындагы Карамат Касымова атындагы №30-толуксуз орто мектебинде 1-класстан 7-класска чейин окуган.

ЧЕТ ТИЛДЕРИН БИЛҮҮСҮ
• Кыргыз тили (эне тили)
• Өзбек тили (эң жакшы)
• Орус тили (эң жакшы)
• Англис тили (эң жакшы)
• Түрк тили (эң жакшы)
• Казак тили (түшүнөм)

ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ
• 2019-жыл Бабур театрында оркестр мүчөсү
• 2016-жыл Бабур театрынын директорунун орун басары
• 2015-жыл №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы таланттуу балдар мектебинин директору
• 2012-2015-жыл №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы таланттуу балдар мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары
• 2009-2012 Оштогу «СЕМА» лицейинде Англис тилинен мугалим
• 2008-2009 Бишкектеги «СЕКОМ» тил үйрөтүү борборунда Англис тилинен мугалим
• 2007-2008 Оштогу ЭЛТР коомдук телерадио компаниясында журналист корреспондент
• 2007-2008 Англис тилинен репетитор, Кыргыз-Өзбек Университетинин «ГРАНИТ» телестудиясында волонтер журналист
• 2006-2007 Кыргыз-Өзбек Университетинин «ГРАНИТ» телестудиясында волонтер журналист жана университеттин Студенттер уюмунун президенти
• 2005-2006 Дүйнөлүк тилдер факультенин лидери
• 2004-2005 волонтер котормочу

КОМПЬЮТЕРДИК БИЛИМИ
• Microsoft Word, Microsoft Excel, Microsoft Outlook, Microsoft Power Point, Internet (сертификаттын ээси)

КОШУМЧА МААЛЫМАТ ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
• Тамада, төкмө акын, журналист, акын жазуучу
• 2018-ж Көчмөндөр оюнундагы эл аралык айтыштын байгеүү орундун жана Т.Абдиев атындагы сыйлыктын ээси
• 2017-ж Кыргызстан жана Өзбекстан республикаларынын президенттеринин Бишкектеги жолугушуусунда достукту даңазалаган төкмөлүк үчүн Өзбекстан Республикасынын президенти М.Ш. Мирамановичтин күтүүсүз белеги МАЛИБУ автоунаасы жана Өзбекстандагы Коргон-Төбө районундагы 3 бөлмөлүү батирдин ээси
• 2017-ж Т.Абдиевдин 80 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык айтыштын байгелүү орундун ээси
• 2017-ж Т. Тыныбековдун 90 жылдыгына карата айтыштын 1-орундун ээси
• 2016-ж Кыргыз Республикасынын президентинин ардак грамотасынын ээси
• 2016-ж Баткен жергесиндеги республикалык айтыштын байгелүү орундун ээси
• 2015-ж Баткен областынын 15 жылдыгына карата уюштурулган республикалык айтыштын баш байгесинин ээси
• 2015-ж Жала-Абадда Барпы атабыздын 130 жылдыгына карата өткөрүлгөн эл аралык айтыштын 1-орунун ээси
• 2014-ж Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык айтыштын байгелүү орундун ээси
• 2014-ж Ысык-Көлдөгү республикалык Манасчылар күнүнө карата айтыштын байгелүү орундун ээси
• 2014-ж.Ош шаарынадагы Ынтымак-Достук эл аралык айтышынын 2-орун ээси
• 2006-ж. Ош шаардык мэриясынын ардак грамотасынын ээси
• 2005-ж. Кыргыз Республикасынын президентинин «Умүт наамындагы стипендианты
• 2000-ж Өзбекстандагы Кыргыз элчилиги тарабынан уюштурулган «Тоолор улуулуктун символу» темасындагы дил баян конкурсунун Өзбекстан боюнча республикалык женүүчүсү

Өзгөчөлөгү
• Командада иштей алышы, жоопкерчиликтүү
• Уюштуруу иштерин жактыруусу
• Боорукер, чынчыл, меймандос, аракетчил
• Мүнөзү назик

ХОББИСИ

  • китеп окуу жана ырлар жазуу
    • короого эгин эгүү
    • акындар менен айтышуу, эл менен маектешүү
    • волейбол, фудбол жана стол теннисин жактырат
    • чач кыскартып Парикмахерлик кылуу

МАКСАТЫ

  • Билимдүү жана тарбиялуу болгон патриот жаштарды тарбиялап, эгемендүү өлкө үчүн кызмат кылуу
    • Көп балалуу болуу
    • Арап тилин үйрөнүү
    • «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат»-деген макалды жашап көрсөтүү

Кара-Суу айыл аймагынын келечекте көптү үмүттөндүргөн, тайманбас мүнөздүү, чынчыл, сыймыктуу жаштарыбыздын бири Автандил Добулбеков эң көп тираждуу «Супер-Инфо» гезитине жетекчи болду.
Элиңдин үмүтү сенден зор. Алдыда далай-далай багындырчу бийиктиктериң турат. Ийгилик болсун.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial