Кафедранын тарыхы

 

[columns-container class=»»] [one-fourth-first]Факультеттин тарыхы[/one-fourth-first] [one-fourth]Тиешелүү документтер[/one-fourth] [one-fourth]Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү[/one-fourth] [one-fourth]Тарбиялык жана маданий – массалык иштери[/one-fourth] [/columns-container]
[vertical-spacer] [columns-container class=»»] [one-fourth-first]Өңдүрүштүк байланыштар[/one-fourth-first] [one-fourth]Кесиптик багыттары[/one-fourth] [one-fourth]Окумуштуулар кеңешинин курамы[/one-fourth] [one-fourth]Структурасы[/one-fourth] [/columns-container]
[vertical-spacer] [columns-container class=»»] [one-half-first]Жеке укуктар[/one-half-first] [one-half]Мамлекеттик укуктук сабактар[/one-half] [/columns-container]

 



Жеке укуктар кафедрасы


 


«ЖЕКЕ УКУКТАР» КАФЕДРАСЫ ЖӨНҮНДӨ ТАРЫХЫЙ МААЛЫМАТ

1994-жылы Кыргыз-Өзбек жогорку колледжинде орто квалификациядагы юристтерди даярдоо боюнча 02.04. «Административдик укуктук-ишмердүүлүк» (атайын орто билим-берүү) адистиги ачылган. 1996-жылы өз алдынча «Социология жана укук» бөлүмү түзүлүп, орто звенодогу юристтер даярдалган.

1997-жылы июлда Университеттин өз алдынча түзүмү катары Юридика-бажы факультети түзүлүп, анын курамында «Материалдык жана процессуалдык укук» кафедрасы түзүлгөн. 1998-жылы окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында үч кафедра «Мамлекет жана укук теориясы» кафедрасы, «Бажы укугу» кафедрасы, «Материалдык жана процессуалдык укук» кафедрасы түзүлгөн. 2000-жылы факультеттин түзүмүндө дагы бир «Жазык укугу жана процесси» кафедрасы түзүлгөн. Ал эми «Мамлекет жана укук теориясы» кафедрасы «Мамлекеттин жана укуктун негиздери» кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн.

2000-жылы «Материалдык жана процессуалдык укук» кафедрасы «Жарандык укуктук-сабактар» кафедрасы болуп кайра түзүлгөн. 2005-жылы кафедранын ишмердүүлүгүн кайра уюштуруу максатында «Жарандык укуктук-сабактар» кафедрасы «Жеке укуктар» кафедрасы болуп болуп аты өзгөргөн.

2006-2007-окуу жылы «Юриспруденция» адистигигине берилген лицензия кайтарып алынгандыгына байланыштуу, Юридика-бажы факультетинин базасындагы кафедралар «Юриспруденция жана бажы иши» кафедрасы болуп өзгөртүлгөн. 2012-окуу жылынын башында К-ӨУнүн окумуштуулар кенешинин чечиминин негизинде Юридика-бажы факультетинин «Юриспруденция жана бажы иши» кафедрасы эки кафедра «Мамлекеттик укуктук сабактар» кафедрасы жана «Жеке укуктар» кафедрасы болуп түзүлгөн.