Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү
[columns-container class=»»] [one-fourth-first]Факультеттин тарыхы[/one-fourth-first] [one-fourth]Окуу-усулдук иштери[/one-fourth] [one-fourth]Факультетке тиешелүү документтер[/one-fourth] [one-fourth]Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү[/one-fourth] [/columns-container]
[vertical-spacer] [columns-container class=»»] [one-fourth]Кесиптик багыттар[/one-fourth] [/columns-container]
[vertical-spacer] [columns-container class=»»] [one-fourth-first]Окумуштуулар кеңешинин курамы[/one-fourth-first] [one-fourth]Факультеттин бүтүрүүчүлөрү[/one-fourth] [/columns-container]
[vertical-spacer] [columns-container class=»»] [one-fourth-first]Тарых жана философия[/one-fourth-first] [one-fourth]Кыргыз филологиясы[/one-fourth] [one-fourth]Англис филологиясы[/one-fourth] [one-fourth]Орус филологиясы[/one-fourth] [/columns-container]

Профессордук-окутуучулук курамы, илимий-изилдөө иштери

 

Факультеттин кафедралары “Кыргыз тилинин жана адабиятынын актуалдуу проблемалары, окутуунун негизги маселелери”, “Англис тили жана аны окутуунун жаңы усулдары”, “Кыргызстан элдеринин тарыхы, маданияты жана философиясы”, “Улуттук мектептерде орус тилин жана адабиятын окутуунун усулунун актуалдуулугу” аттуу темалардын негизинде илимий иштерин аткарып келишет. Аткарылган илимий темаларга ф.и.д, профессор А.Акматалиев, п.и.д., профессор А.Муратов, ф.и.д., профессор К.Зулпукаров, филос.и.д., профессор О.Тогузаков, ф.и.д.,проф.Г.Мадумарова, т.и.д., профессор А.Асанкановдор жетекчилик кылуу менен илимий иштерди аткарууда.

Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына, 10-ноябрь-Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Азыркы дүйнөдөгү илим: абалы, келечеги” аталышында эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү. Конференция факультеттин тарых жана философия кафедрасы жана илим бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Бүгүнкү күндүн шартында илимий конференцияга Казакстандын окумуштуулары онлайн режиминде катышты. Ал эми Өзбекстандын окумуштуулары, өлкөбүздүн башка аймактарындагы окуу жайлардын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышкан салттык режимдеги  конференция Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин куттуктоо сөзү менен башталды.

Пленардык жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү кыргыз интелегенциясынын орду, дүйнөлүк илимдин бүгүнкү абалы, келечеги тууралуу  атайын докладдар окулду. Ошону менен катар эле Кыргыз Республикасынын отуз жыл аралыгындагы коңшулаш өлкөлөр менен болгон ар тараптуу алакасы талкууга алынды. Өлкөбүздөгү илимдин бүгүнкү абалы, келечеги тууралуу кенен айтылды.

Пленардык жыйындан кийин төрт багыт боюнча секциялык иштердин жүрүшү менен конференция өз ишин улантты. Анда белгиленген багыттар боюнча атайын докладдар окулуп, кызуу талкуулар жүрдү.

Андан соң илимий-практикалык конференциянын катышуучулары жалпы жыйынга чогулушту. Мында белгиленген илимий иш чара өз максатына жеткендиги белгиленди. Жалпы катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынып, илимий конференция жыйынтыкталды.

 

 

 Тарых-филология факультетинин окутуучулары регионалдык, республикалык, эл аралык илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышып келишет.

Факультет тарабынан «Улуу окмуштуу жана философ Ж.Баласагынга 1000 жыл»,  «История и культура  народа  Кыргызстана наследие и современности»,  2017-жылдын 18-майында “Эл дөөлтү – эне тил жана “Манас” эпосу” аттуу аймактык илимий – практикалык конференция, 2018-жылы декабрь айында “Ч.Айтматовдун адабий мурасы улуттук жана жалпы адамзаттык маданият мейкиндигинде” аттуу республикалык илимий-практикалык конференциялар уюштурулган.

2017-2018-окуу жылында англис филология кафедрасынын окутуучулары Казакстан Республикасынын Караганды шаарындагы КарМУда уюштурулган көп тилдүү билим берүү боюнча семинарга катышып келишкен.

2018-19-окуу жылында англис филология кафедрасынын окутуучулары Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы ДТУта уюштурулган «Англис тилин өнүктүрүү» деген темадагы эл аралык илимий – практикалык конференцияга катышып келишти.

Факультеттин деканы, п.и.к., доцент Н.Д.Тилекова жана англис филология кафедрасынын доценти Д.С.Саидырахимова Москва шаарындагы РАЕде 2019-жылы февраль айында уюштурулган эл аралык форумга катышып келишти, ошондой эле РАЕнин бир канча сыйлыктары, медалдары менен сыйланышты.

Мындан тышкары факультеттин бир топ окутуучулары Өзбекстандын Самарканд шаарындагы СамГУ жана «Жибек жолу» эл аралык туризм университети уюштурган «Возреждение паломнического туризма на перекрестке Великого Шелкового пути» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.

Факультетте төмөнкүдөй илимий ийримдер иш алып барышат:

«Айтматов таануу» ийрими – жетекчиси С.Жусуева;

«Жаш лингвист» ийрими – жетекчиси О.Алибекова;

«Археолог ийрими» – жетекчиси М.Ташалиева;

«Аймак таануу» ийрими – Г.Сариева.