Маданий-массалык иш чаралар

 

Миграция боюнча иш- чара

Ачык сабак

Тил майрамында

Жаны жыл

 

 

23- февраль 

8-март

 

Кыргыз-Өзбек университетинин Кесиптик колледжинде «ЭУКС» бирикмеси тарабынан 10- декабрь күнү «10-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк адам укугу күнүнө» карата «Адам укуктарынын сакталышы туруктуулуктун, коопсуздуктун кепилдиги»-аттуу илимий семинар болуп өттү.

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрель күнү Кесиптик колледжинин Экономика жана укук бөлүмундө ата-энелер чогулушу болуп өттү.

Кесиптик колледжинин «ЭУ» бөлүмүнүн, «Экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар» бирикмесинин окутуучулары тарабынан «Курман-Датка жана Алымбек-Датканын урпактары»-деген темада иш чара болуп өттү.

Бул иш чарага Алымбек-Датканын чебереси Жусуева Патила Жусуевна катышып, Алымбек-Датканын Ош шаарына кошкон салымы жана эрдиктери жөнүндө кенири баяндап берди.


Тарбиялык жана маданий-массалык иштер

Универнситеттин негизги структураларынын бири катары колледж маданий-массалык иш чараларга активдүү катышууда. Студенттердин кесиптик өзгөчөлүгүнө жараша колледж жетекчилигинин, студенттик кошундун колдоосу  аркылуу түрдүү КВН, кружоктор, спорттук мелдештер, кароо сынактар, майрамдык бий кечелер жана башка ар тараптуу кызыктуу иш чаралар өткүрүлүп турат. Аталган иш чаралар республикабыздын коомдук саясий чөйрөсүнүн алкагында университеттин маданий-массалык иш аракеттеринин багытында, колледждеги студенттердин кесиптик өзгөчөлүгүнө  жараша колледж жетекчилигинин, бирикме башчысынын, тайпа кураторлорунун, тайпа лидерлеринин, студентттик кошундун колдоосунда ишке ашырылат.

            Колледждеги тарбиялык иш чаралар студенттердин Ата-мекенге болгон мекенчил сезимдерин жогорлатуу, өнүктүрүү, мекенин таануга, сүйүүгө жана коргоого, эл жерине кызмат кылууга жана ал үчүн терен билимдин зарыл экендигине ынандырууга негизделген. Студенттердин ар тараптуу бышып жетилүүсүн, тереё билим жана мыкты тарбия алуусун камсыздоо колледждин тарбиялык иш чараларынын негизги багыты, башкы максаты болуп эсептелет.

Кесиптик колледжинин 1-курстарын кабыл алуу жана ыйгарым аземи болуп өттү. Анда биринчи курсттарды, университтерин жетекчилиги куттуктап, студенттик билет, окурмандык билет, зачеттук китепчелерди тапшырышты.

Кесиптик колледжинин бирикме башчысы Шералиева Асель Ибраимовна, Белекбаева Элмира, Афтандил кызы Айжамал, Жунусов Нурсейид Алымовичтин демилгелери  менен 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Ош шаарында жайгашкан атактуу инсандардын эстеликтерине барып студенттерге алардын  Кыргыз Республикасына кошкон салымдары боюнча кеёири маалыматтарды беришти.

Ош шаарадык ички иштер бакармалыгынын Ак-Буура аймактык милиция бөлүмүнүн тескөөчүсү кесиптик колледждин студенттерине  «Жаш жетелектер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулуктун алдын алуу»  боюнча профилактикалык иш чараларды жүргүздү.

Ош Мамлекеттик Юридикалык институтунун юридикалык колледжи тарабынан Ош шааарында жайгашкан орто кесиптик билим берүү тармагында окуган студенттер арасында өткөрүлгөн парламенттик дебатда  «Укук таануу» адистигинде окуган студенттер 2-орунду ээлешип грамота менен сыйланышты.

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Ош шаарындагы СПИД центрдин кызматкерлери  менен биргеликте ооруунун алдын алуу жана андан сактануу боюнча лекция өткөрүлдү.

Азыркы жаштардын аё сезимине жана ой жүгүртүүсүнө заманбап компьютердик технологиялардын   тийгизген таасири деген темада чакан концерттик программа өткөрүлдү.

Кыргыз-Өзбек университетинин TAMASHOW боюнча өткөрүлгөн факультеттер аралык    биринчилигинде  катары менен экинчи жолу  кесиптик колледжинин  Соц курама  командасы баш байгени утуп алды.

Кыргыз-Өзбек университетинин жаштар комитети тарабынан уюштурулган        К-ӨУ мырзасы  кароо сынагында кесиптик колледждин студенти Абдумалик 3-орунду ээледи.

Улуу Ата-Мекендик согуштун 74-жылдыгына карата Ош шаардык мэриясы тарабынан өткөрүлгөн иш чарага Кесиптик колледжинин жалпы эмгек жааматы жана студенттерибиз жигердүү катышышты