Кыргыз-Өзбек университетинин Кесиптик колледжи жөнүндөгү ЖОБОСУ

 

1. Жалпы жоболор
1.1. Колледждин толук аталышы: Кыргыз-Өзбек университетинин Кесиптик колледжи (КК).

Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Н.Исанов көчөсү, 79, факс: (03222) 5-53-45, тел.: моб. 0551094494; жум.(03222) 4-20-82, 4-21-05, е-mail: Bakirov 101059@mail.ru., веб-сайт: oshgsu-kuu.kg.

1.2.  Уюштуруучу (Учредитель): Кыргыз-Өзбек университети (К-ӨУ).

1.3.      Ушул Жобо Кесиптик колледждин ишмердүүлүгүн жөнгө салат.

1.4.           Кесиптик колледж (КК) Кыргыз-Өзбек университетинин (К-ӨУ) структуралык бөлүмү болуп эсептелет жана өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык кодексинин, Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын, К-ӨУнун Уставынын, университеттин окумуштуулар Кеңешинин жана Колледждин педагогикалык Кеңешинин чечимдеринин жана башка нормативдик-укуктук актылардын негизинде жүргүзөт.

1.5.          Кыргыз-Өзбек университети Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинен юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодон өткөн. Каттоо номери 477-3310-У-е, ОКПО коду 05711912,Ош шаары, 13.12.2004 ж. ГПР 3073091. Уюштуруу-укуктук формасы — мекеме. Менчиктин туру — мамлекеттик.

1.6.  Кесиптик колледждин миссиясы жана негизги максаттары:

Кесиптик колледждин миссиясы билим берүү программаларына тиешелүү тармактар үчүн орто кесиптик деңгээлдеги, рынок экономикасынын шарттарына жооп бере алган, чет тилдерди жана жаңы маалымат технологияларын терең үйрөнгөн адистерди даярдоого багытталган.

Негизги максаттары:

•         Окуу процессии ишке ашырууда азыркы маалымат технологияларын колдонуу жана ишке кийирүү жолдору менен уюштуруу. Окуу процессии көзөмөлдөө, окуу пландарын жумуш берүүчүлөр жана кызыкдар жактар менен биргеликте эмгек рыногунун талаптарына ылайык өркүндөтүү. Ошондой эле кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо жана жогорку квалификациялуу кадрдык курамды калыптандыруу;

•         Личносттун гармониялык өнүгүүсүн калыптандырууга багытталган, тарбиялык иштердин натыйжалуу формаларын иштеп чыгуу аркылуу студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө шарттарды түзүү;

о Эмгек рыногуна ылайык, колледждин сырткы чөйрө менен туруктуу өз ара мамилелерин камсыз кылуу учун иш берүүчүлөр, кызыкдар тараптар жана бүтүрүүчүлөр менен туруктуу байланышты жүргүзүү.

 

1.7. Кесиптик колледж өзүнүн структуралык түзүмүндө бөлүмдөрдү, бирикмелерди, окуу кабинеттерди жана лабораторияларды, окуу жана окуу- өндүрүштүк устаканаларды (чеберкана), жатаканаларды жана башка структуралык түзүмчөлөрдү камтышы мүмкүн.

2. Кесиптик колледждге кабыл алуу

2.1.       Колледждге, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу жана ошондой эле бюджеттик эмес каржылануучу, студенттерди кабыл алуу планынын контролдук сандары Кыргыз-Өзбек университети менен Кыргыз Ресиубликасынын (КР) Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленет.

2.2.       Колледждге студенттерди кабыл алуу КР Билим беруу жана илим министрлиги тарабынан аныкталат жана университеттин кабыл алуу комиссиясынын “Кыргыз-Өзбек университетине кабыл алуу эрежелеринин” негизинде жүргүзүлөт.

2.3.       Колледждге кабыл алуу негизги жалпы же орто жалпы билими бар жарандар, арызы боюнча конкурстук негизде, кируу сынактарынын жыйынтыгы менен кабыл алынат.

2.4.       Кирүү сынактарынын саны, аталышы, өткөрүү формасы жана баалоо системасы “Кыргыз-Өзбек университетине кабыл алуу эрежелеринин” негизинде аныкталат.

2.5.       Колледждге студенттердин катарына киргизүү билими жөнүндөгү документтин үлгүсүн тапшыргандан кийин жүргүзүлөт.

3. Кесиптик колледждин билим берүү  ишмердүүлүгү

3.1.       Колледжде орто кесиптик билим берүүдө негизги кесиптик билим берүү программалары күндүзгү жана сырттан окуу формалары аркылуу жүргүзүлөт.

3.2.       Колледжде орто кесиптик билим берүүдө билим берүү программаларынын окуу мөөнөттөрү КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген нормативдик мөөнөттөрдүн негизинде жүргүзүлөт.

3.3.         Ар бир адистик жана окуу формасы үчүн билим берүү процессии уюштуруу окуу планы жана сабактардын жадыбалы менен иреттелет. Колледжде окуу пландары мамлекеттик билим берүү стандарттардын (орто кесиптик билим берүү адистиктери боюнча) негизинде өз алдынча иштелип чыгат жана бекитилет. Окуу предметтери боюнча колледжде бирикмелер жана усулдук комиссиялар түзүлөт.

3.4.         Окуу жылы 1 сентябрьда башталып адистиктердин окуу пландарынын жана окуу формаларынын негизинде аяктайт.

 

3.5.       Бардык аудиториялык сабактардын түрлөрү боюнча академиялык сааттын узундугу 50 минут болуп аныкталат. Студенттердин окутуучу менен милдеттүү өтүлүүчү окуу сабагынын жумалык окуу жүктөмү 36 академиялык сааттан ашпоо керек.

3.6.       Колледжде өтүлүүчү окуу сабактарынын негизги түрлөрү: сабак, лекция, семинар, практикалык сабак, лабораториялык сабак, текшерүү иши, курстук иш, консультация, студенттердин өз алдынча иштөөсү, практика (окуу, педагогикалык, өндүрүштүк, диплом алдындагы), бүтүрүүчү квалификациялык иш.

3.7.       Бюджеттен камсыздандырылган студенттердин саны күндүзгү формадагы окуу тайпада 25 адам, бюджеттен камсыздандырылбаган күндүзгү формадагы окуу тайпада 30 адам, сырткы формадагы окуу тайпада 15 тен кем эмес адам. Лабораториялык жана практикалык сабактарда, чеберканаларда өндүрүштүк окутууда (Колледж өзү аныктайт) окуу тайпалары 8 ден кем болбогон тайпачаларга бөлүнушү мүмкүн.

Окуу тайпаларында окуу жана тарбия иштери боюнча күнүмдүк жетекчиликти куратор жүргүзөт.

3.8.       Колледждин студенттеринин өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикалары (Колледж менен түзүлгөн келишимдердин негизинде) мекемелерде, өндүрүштүк ишканаларда, уюмдарда мектептерде өтүлөт.

3.9.           Студенттерди аттестациялоо Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген жобонун негизинде жүргүзүлөт.

3.10.       Билим берүү программаларын толук өздөштүргөн жана мамлекеттик аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө Колледж мамлекеттик үлгүдөгү орто кесиптик билим берүүчү диплом ыйгарат.

Бүтүрүүчүлөрдүн билими “эң жакшы”, “жакшы”, “канааттандырарлык”, «канааттандырарлык эмес” деп бааланат жана орто кесиптик билим берүүчү дипломдун тиркемесинде көрсөтүлөт.

3.11.     Мамлекеттик аттестацияларда «эң жакшы» баа алган жана окуу планындагы предметтерден алган бааларынын жыйынтыгында 75% “эң жакшы” (“канаатандырарлык” баасы жок шартта) бааларды алган колледждин бүтүрүүчүлөрүнө “артыкчылык” диплому берилет.

3.12.       Колледж берген дипломдорго Мамлекетттик аттестациялык комиссиянын төрагасы, колледждин директору кол коюшат жана университеттин мөөрү менен тастыкталат.

3.13.       Колледжден четтетилген студентке анык үлгүдөгү академиялык справка берилет. Академиялык справкада алынган билим берүүнүн көлөмү жана мазмуну көрсөтүлөт.

 

3.14.   Колледжден студенттерди четтетүү, тикелөө жана башка орто кесиптик окуу жайга которуу же тескерисинче, башка орто кесиптик окуу жайдан колледжге которуу КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген жобонун негизинде жүргүзүлөт.

3.15.   Орто кесиптик билим берүү жөнүндөгү Мамлекеттик үлгүдөгү документтин формасы жана аны толтуруу, берүү эрежелери КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет (буйрук КР ББИМ №264-1, 27.04.2004- ж.).

3.16.   Колледжди бүтүргөн жана бүтпөй калган (арызы боюнча) студентке анын өздүк делосунан колледжге кирип жатканда тапшырылган билим берүү жөнүндөгү документи кайтарылып берилет. Өздук делодо билим берүү жөнүндөгү документтин көчүрмөсү калат.

4. Кесиптик  колледжди башкаруу

4.1.  Кесиптик       колледжди башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз-Өзбек университетинин Уставынын жана ушул Жобонун негизинде жүргүзүлөт.

4.2.   Кесиптик колледж жөнүндөгү  Жобо Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуулар Кеңешинде (Уюштуруучу) каралат жана университеттин ректору бекитет.

4.3.   Кесиптик колледжди башкаруунун жогорку органы болуп Уюштуруучу (Кыргыз-Өзбек университети) эсептелет.

4.4.   Кесиптик колледждге жетекчиликти, Уюштуруучу (К-ӨУ) тарабынан коюлган, директор жүргүзөт.

4.5.  Уюштуруучунун       компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

•                Колледждин негизги ишмердүүлүк багыттарын аныктоо;

•                Колледждин Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

•            Кызматкерлерди, окутуучуларды жана директорду кызматка алуу жана бошотуу;

•           Колледжге тийиштүү болгон ар кандай маселелерге чечим кабыл

алууга;

•             Колледжди өзгөртүүгө жана жоюга байланышкан маселелерди

кароого;

•           Колледждин структуралык түзүмүн бекитүүгө;

•           Колледждин штаттык жадыбалын макулдашуу;

4.6.    Окуу процессии уюштурууну жүргүзүү, билим берүүнүн сапатын

 

жана мазмунун күчөтүү жана окутуучулар курамын түзүү үчүн шайлоочу, көпчүлүктөн турган, колледждин педагогикалык Кеңеши түзүлөт. Педагогикалык Кеңештин курамына окутуучулар жана кызматкерлер кирет.

4.7.      Педагогикалык колледждин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

•      Окуу-билим берүү процессиндеги негизги багыттарды аныктоо;

•      Окуу-тарбиялык жана илимий иштерди уюштуруудагы негизги маселелерди чечүү;

•      Окуу-тарбиялык, усулдук жана башка иштердин негизги багыттарын

бекитүү;

•      Кесиптик колледждин кызматкерлеринин тартип жоопкерчилигине чечим чыгарууга;

•      Кесиптик колледждин негизги ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди кароого;

4.8.      Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде колледждин директору Кесиптик колледжди атынан бардык уюмдарга, мекемелерге көрсөтөт жана өзүнүн компетенциясынан чыкпай келишимдерди ( каржылоодон башка) түзө алат. Бардык кызматкерлерге милдеттүү аткарууга көрсөтмөлөрдү берет жана кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аныктайт.

4.9.      Кесиптик колледждин директоруна, илимий иштерден башка, айкалыштырып акы төлөө менен жетекчилик кызматтарда иштөөсүнө уруксат бирилбейт (университеттин ичинде жэ сыртында).

5. Кесиптик колледжде окугандар

5.1. Ректордун (Уюштуруучу) буйругу менен, негизги билим берүү программаларын окууга, кабыл алынган жарандар колледждин студенти болуп эсептелет.

5.2.   Студентке белгиленген үлгүдөгү студенттик, окурмандык жана зачеттук китепче берилет.

5.3.            Кесиптик колледждин студентинин укугу жана милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде аныкталат.

5.4.       Студенттин укугу:

•                        Колледждин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди талкуулоого жана чечуугө катыша алат, ошонун ичинде өзүн-өзү башкаруу жана коомдук уюмдар аркылуу да;

•                       Университеттин жана колледждин жетекчилигинин буйруктарын жана чечимдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, арызданып кайтарып алууга;

 

·                       Аудиториялар, лабораториялар, кабинеттер, библиотекалар, компьютердик класстар, маалымат ресурстар, техникалык каражаттар, спорттук, ден-соолукту чьңдоочу жана башкаларды акысыз пайдалана алат.

5.5.     Студенттин милдети:

•                         Колледждин окуу программаларынын талаптарын аткарууга;

•                                 Адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп бере ала турган теориялык жана практикалык билим алууга;

•                         Университеттин ички эрежелеринин тартиптерин аткарууга;

•                                 Колледждин жана университеттин жетекчилигинин чечимдерин аткарууга;

•                         Университеттин буюмдарына кылдат мамиле кылууга;

•                         Бардык окуу сабактарына катышууга;

5.6.                   Күндүзгү окуу формасында, бюджеттин эсебинде, окуган студенттер белгиленген тартипте стипендия менен камсыз болушат.

5.7.             Университеттин жатаканасынын мүмкүнчүлүгүнө жараша муктаж болгон студенттер жатакана менен камсыз болушат.

5.8.                     КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген тартиптердин негизинде студентке медициналык жана башка зарылчылык учурларда академиялык өргүү берилет.

5.9.           Адистиги боюнча, негизсиз себептер менен, окуу пландарын, студенттин милдетин аткарбаган жана ички эреже тартиптерди бузган студентке колледжден четтетүүгө чейинки чаралар колдонулушу мүмкүн.

6.0.    Жетекчиликтин демилгеси менен студенттин ооруп жаткан мезгилинде, каникул учурунда, акдемиялык же башка зарыл өргүүдө жүргөн учурларында аны четтетүүгө мүмкүн эмес.

Кесиптик колледждин кызматкерлери

6.1.            Колледждин кызматкерлерине жетектөөчү, педагогикалык кызматкерлер, окуу-көмөкчү жана башка кызматкерлер кирет.

6.2.         Колледждин кызматкерлеринин укуктары:

•                         Өзүнүн кесиптик жана адамдык намысын коргоого;

•                                 Колледждин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди талкуулоого жана чечүүгө катыша алат, ошонун ичинде өзүн-өзү башкаруу жана коомдук уюмдар аркылуу да;

•                                 Университеттин жана колледждин башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;

 

•                                Университеттин жана колледждин жетекчилигинин буйруктарын жана чечимдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, арызданып кайтарып алууга;

•                                 Ушул Жобонун жана жамааттык келишимдин негизинде, өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн, керектүү уюштуруучулук, окуу- усулдук жана материалдык-техникалык каражаттарды алууга. Аудиторияларды, лабораторияларды кабинеттерди, библиотекаларды, компьютердик класстарды, маалымат ресурстарын, спорттук, ден-соолукту чьңдоочу жана башкаларды пайдаланууга.

•                                 Окуу пландарынын жана программаларынын негизинде окуу процесстеринин сапатын жогорулатуу максатында усулдарды жана окуу каражаттарын тандоого.

6.3. Колледждин кызматкерлеринин милдеттери:

•                  Университеттин Уставынын жана колледждин Жобосунун талаптарын аткарууга;

•           Окуу процессинин сапатын жана жогорку эффективдүүлүгүн камсыздоого;

•                   Студенттерди илимий изилдөө иштерине активдуу тартуу жана илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктарын окуу процессине киргизүү;

•                   Студенттерди өз алдынчалыкка, жогорку моралдык-нравалык сапаттарга, демилгечилик жана чыгармачылык сапаттарга ээ болууга тарбиялоо;

•                   Өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн дайыма системалык түрдө иштөөгө.

6.4.         Колледждин жана университеттин жетекчилиги кызматкерлерге квалификациясын жогорулатууга керектүү шарттарды түзүп берет.

6.5.            Колледждин окутуучуларын аттестациялоо университеттин педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоо Жобосунун негизинде өткөрүлөт.

6.6.              Окуу-усулдук, илимий жана тарбия иштериндеги жетишкендиктери үчүн колледждин кызматкерлерине моралдык жана материалдык сыйлыктар каралган.

6.7.          Колледждин кызматкерлеринин санын кыскартууга байланыштуу окутуучуларды кызматтан бошотуу, жетекчиликтин демилгеси менен, окуу жылдын аягында гана жүргүзө алынат.

7. Кесиптик колледжди каржылоо

7.1. Кесиптик колледж Кыргыз Республикасынн мыйзамдарынын

белгиленген нормаларынын негизинде Уюштуруучу тараптан каржыланат.

 

7.2.                    Колледжди каржылоого тушкөн акчалар окуу жайга кетирилген материалдык чыгымдарды, айлык акыларды берүүгө, материалдык -техникалык базаны түзүүгө, студенттерди социалдык жактан колдоого, жамаатка материалдык колдоо көрсөтүүгө (КР мыйзамдарынын чегинде) сарпталышы керек.

7.3.            Колледждин бардык категориядагы кызматкерлерине берилүүчү айлык акынын, материалдык колдоонун, жардамдын көлөмү Уюштуруучу тараптан аныкталат, университетте болгон каражаттын чектеринде жана окутуучуларды аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча.

7.4. Колледждге Уюштуруучу окуу имаараттарын бөлүп бериши мүмкүн.

7.5. Билим алуу учун акы төлөөнүн көлөмдөрү КР мыйзамдарынын жана бекитилген чыгымдардын сметасынын негизинде аныкталат.

8. Эл аралык ишмердүүлүк

8.1.   Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде колледж, орто кесиптик билим берүү, илимий жана башка ишмердүүлүк багытында, эл аралык кызматташтык жүргүзүүгө акылуу.

Эл аралык кызматташтык колледж менен чет элдик билим берүү мекемелери тузгөн келишимдин, билим берүү жаатында түзүлгөн мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.

8.2.        Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде колледж сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө акылуу.