Илимий-изилдөө иштери
Факультет[columns-container class=»»]
Факультеттин илимий ишмердүүлүгү.
Табигый-педагогика факультетинде бекитилген штаттык жадыбалынын негизинде 46 кишиден турган профессордук-окутуучулар курамы эмгектенип келүүдө. Анын ичинен 3 илимдин доктору, профессорлор, 16 илимдин кандидаты (доценттер жана ага окутуучулар), 16 ага окутуучулар, 3 магистр, 8 окутуучу жана 11 окуу жардамчы персоналдар. Ошондой эле факультеттин спецификалык өзгөчөлүгүн эске алсак, анда дене тарбия багытында бакалаврларды даярдоодо жогоруда эсептелип кеткен ПОЖ арасынан 2 КР спорт чебери: Н.К.Кадыров, жана М.А.Абитов, ошондой эле 2 улуттук даражадагы калыстар: Н.К.Кадыров, А.О.Жоробеков эмгектенип келе жатканы менен сыймыктанууга болот.
Белгилей кетчү жагдай, факультеттин эмгек жамааты илимий жана методикалык билимдерин тереңдетүүнүн үстүндө чоң аракеттерди жасап, изилденип келишүүдө, тактап айтканда факультетте 18 изденүүчү жана 5 аспирант, магистранттар бекитилген илимий темалар боюнча иштеп жатышат.
Факультеттин 10 мүчөсү аспирантуранын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүн аяктаган. Алар өз илимий изилдөөлдөрү үстүндө күчөтүлгөн иш алып барышууда жана жакынкы келечекте илимий иштерин жактоо алдында турат; 2 окутуучу аспирантурада окуп жатышат. Алардын жасаган иштери боюнча отчеттор системалуу түрдө кафедра тарабынан кабыл алынып турууда.