Podium Lux Kyrgyzstan эл аралык журналы уюштурган “BURANA FASHION WEEK — 2019” мода жумалагы болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргыз- Өзбек университетинин атынан 2 кызматкер катышып, дипломдорго ээ болуп келишти

Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-29-ноябрь күндөрү Podium Lux Kyrgyzstan эл аралык журналы уюштурган “BURANA FASHION WEEK — 2019” мода жумалагы болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргыз- Өзбек университетинин атынан 2 кызматкер катышып, дипломдорго ээ болуп келишти.

1. Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, философия илимдеринин кандидаты, салттуу билимдерди изилдөөчү жана жаратуучу Ташкулова Шарипа Баратбаевна Түштүк аялдарынын ичкилик урууларына таандык болгон баш кийим “каляк” боюнча “Мурас” коллекциясын алып чыкты.

2. Инженердик – тенология факультетинин “Колдонмо механика жана көркөм долбоорлоонун технологиясы” кафедрасынын улук окутуучусу, чет өлкөлөрдө жана Кыргызстанда болуп өткөн бир канча конкурстардын катышуучусу, белгилүү дизайнер Исраилова Гулнур Абдыхапызовна кыргыз кыздарынын образын чагылдырган “Гүлчапан” коллекциясы менен жагымдуу маанай тартуулады.