mail@mail.com

111-111-111

Язык
  • Английский
  • Русский
  • Кыргызский

mail@mail.com

111-111-111

  • Главная
  • Университет
    • Миссия КУУ
    • Устав университета
    • Сертификат
    • Наш университет
      • История университета
      • Руководство
    • Структура университета
  • Факультеты
    • Финансово-экономический факультет
    • Естественно-педагогический факультет
    • Инженерно-технологический факультет
    • Юридико-таможенный факультет
    • Историко-филологический факультет
  • Колледжи
    • Медицинский колледж
    • Социальный колледж
    • Ала-Букинсикй колледж
  • Образование
    • Государственный язык и социальная работа
    • Учебный департамент
      • Учебный отдел
      • Отдел качества
    • Мамлекеттик тил борбору
    • Центр саморазвития "Глобус"
  • Международная деятельность
    • Департамент международных связей и инвестиций
      • Руководства
      • Сотрудники
    • Международное партнёрство
    • Гранты и конкурсы
    • События
    • Академическая мобильность
  • Наука
    • Отдел науки и аспирантуры
      • Проректор по научной работе
      • Научная деятельность
    • Научный журнал "НОТ"
  • Поступающим
    • Правила приёма
    • План приема
    • Общие сведения о специальностях
    • Нормативные документы
    • Аспирантура
    • День открытых дверей
  • Студентам
    • «Кыргызстан тарыхы» сабагы боюнча мамлекеттик аттестациялоонун программасы
    • Молодёжный комитет
    • Анкетирование
    • Студенческие объединения
  • Выпускникам
    • Центр карьеры
    • Ассоциация выпускников
  • Портал AVN

Курамы

  • Главная/
  • Научная деятельность
   Эмгектик кызматы: Социалдык колледждин «Табигый-техникалык жана педагогикалык» бөлүмүнүн башчысы, ф.м.и.к., доцент
  АБДУЛЛАЕВА Чолпонай Хабибуллаевна

Абдуллаева Чолпонай Хабибуллаевна 1998-1999жж. Кыргыз-Өзбек университетинин каржы - экономикалык факултетинин окутуучусу, 1999-2005-жж. университеттин энергетика информациялык системалар факултетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, информациялык системалар кафедрасынын ага окутуучусу, 2005-2007-жж. университеттин компьютердик жана телекоммуникациялык технологиялар факултетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, колдонмо эсептөө математикасы кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу. 2007-2010-жж. университеттин инженердик - технологиялык факультетинин деканын окуу иштери боюнча орун басары, экономикадагы колдонмо информатика кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучу. 2010-2013ж.ж. университеттин социалдык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары. 2013-жылдан бери социалдык колледждин «табигый-техникалык жана педагогикалык» бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» белгисинин жана Кыргызстан аялдар конгресси тарабынан областык деңгээлде «Мыкты окутуучу» сертификатынын ээси.
Бүгүнкү күндө Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Алымкулов К.А. жетекчилигинин алдында өзүнүн илимий ишин коргоп, физика-математика илиминин кандидаты наамын алды. 20 дан ашуун илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору болуп эсептелет.

Эмгектик кызматы: Социалдык колледжинин «Экономика жана укук» бөлүмүнүн башчысы
ШАМШИДИНОВ Учкунбек Тухтамурадович

1997 жылы Фергана мамлекеттик университетин окууну артыкчылык диплому менен аяктап Кыргыз-Өзбек университетинин каржы-экономикалык факультетине окутуучу кызматына кабыл алынган. Факультетте окутуучулук иштер менен бирге илимий иштерди кошо аткарып 2011 жылы экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 2013 жылдын сентябрынан университеттин социалдык колледжинин «экономика жана укук» бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп келүүдө. 10 дон ашык илимий макалалар жана 3 окуу-усулдук колдонмолордун автору. Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүнүн депутаты.

Эмгектик кызматы: Социалдык колледжинин «Жеңил өнөр-жай сабактары» бирикмесинин башчысы
ЖЭЭНБЕКОВА Жийдегүл Акыевна

1976-1981 жылдары Украинанын Хмельницкий шаарындагы «Калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө институтунун» инженердик-технологиялык факультетинин «Тигүү технологиясы» адистиги боюнча билим алып, тигүү өндүрүшүнүн инженер-технологу деген квалификацияга ээ болгон. 1981-1987 жылдары Ош шаарындагы калкты турмуш-тиричилик жагынан тейлөө боюнча областтык башкаруу ишканасында инженер-технолог болуп жумуш жолун баштаган, кийинчерээк шаардык турмуш-тиричилик комбинатында технолог, кийимдерди жана тиричилик буюмдарын тазалоо ишканасында цехтин жетекчиси болуп иштеген. 1987 жылдан Ош технологиялык техникумунан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз-Өзбек университетинде үзүрлүү иштеп келе жатат. Учурда университеттин социалдык колледжинин «Жеңил өнөр-жай сабактары» бирикмесинин башчысы. 10 окуу-усулдук колдонмо иштеп чыккан. «Кыргыз Республикасынын аскерлери үчүн формалык кийим иштеп чыгуу» жана «Тамекичилерге атайын кийим иштеп чыгуу» темаларында мамлекеттик илимий иштерди аткарууда активдүү катышкан.

Эмгектик кызматы: Социалдык колледждин «Экономикалык жана укуктук сабактар» бирикмесинин башчысы
ШЕРАЛИЕВА Асель Ибраимовна

1992-жылы ОшМУнун тарых факултетин аяктагандан кийин шаардык мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1996 жылдан баштап Кыргыз-Өзбек жогорку колледжинин «Гуманитардык сабактар» кафедрасынын окутуучусу. 2000 жылы университеттин аспирантура бөлүмүн аяктаган. 2002-2008 жылдары университеттин экономика жана укук боюнча адистерди кайра даярдоо факультетинде методист болуп эмгектенген. Өзүнүн билимин жана квалификациясын жогорулатуу максатында 2009 жылы Россия мамлекеттик социалдык университетинин Оштогу филиалынын юридика факультетин аяктаган. 2008-2012 жылдары тарых-филология факультетинде ага окутуучу, ал эми 2012-жылдан баштап социалдык колледждин «Экономикалык жана укуктук сабактар» бирикмесинин» башчысы. 7 илимий макаланын жана 5 окуу-усулдук колдонмонун автору. Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» белгисинин ээси.

Эмгектик кызматы: Социалдык колледждин «Педагогикалык сабактар» бирикмесинин башчысы
ЖУСУПОВА Даанагул Ымамидиновна

1986-1991-жылдары Бишкек шаарындагы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун «Чет тилдери» факультетин бүтүрүп «Англис жана немис тилдери окутуучусу» квалификациясына ээ болгон. Эмгек жолун 1991-1998 жылдары Ноокат районундагы «Кашкалдак» орто мектебинде англис тили окутуучусу болуп эмгектенүүдөн баштаган. 1998-2003 жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин «Чет тили» кафедрасынын англис тили окутуучусу, ага окутуучусу, кафедра башчысынын орун басары болуп, ал эми 2003-2012 жылдары кафедра башчысы, доцент. 2012 жыл 28 июньда Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен «Тил илими» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы берилген. 2012 жылдан баштап социалдык колледждин «Педагогикалык сабактар» бирикмесинин башчысы. Басмадан «Англис тили» окуу китептери, окуу-усулдук колдонмолору, окуу-усулдук комплекси, бир нече илимий макалалары, жалпысынан 30 дан ашуун илимий эмгектери жарыкка чыккан.

Эмгектик кызматы: Социалдык колледжинин «Гуманитардык сабактар» бирикмесинин башчысы
МАХМУДОВ Анваржан Хамитжанович

2005 жылы Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетинин «Тарых» адистигин артыкчылык диплому менен аяктап, «Жалпы тарых» кафедрасына окутуучу кызматына кабыл алынган. 2008-2010 жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин индустриалдык колледжинде тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары кызматында иштеген. 2010 жылдын сентябрынан университеттин социалдык колледжинин «Гуманитардык сабактар» бирикмесинин башчысы кызматында иштеп келүүдө. 10 го жакын илимий макалалар жана 4 окуу-усулдук колдонмолордун автору. Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн депутаты. Билим берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн университеттик жана шаардык «Ардак грамоталар» менен сыйланган.


  • Тарыхы
  • Илим-изилдөө ишмердүүлүгү жана эл аралык байланыштары
  • Окуу-усулдук ишмердүүлүк
  • Маданий-массалык иш чаралар
  • Колледжге тиешелүү документтер
  • Бүтүрүүчүлөр
  • Педагогикалык сабактар бѳлүмү
  • Табигый-техникалык бөлүмү
  • Экономика жана укук бөлүмү