Курамы

Колледждин профессордук-окутуучулар курамы жана илимий иштери жөнүндө маалымат

Кесиптик колледждин педагогикалык курамы жалпы билим берүүчү жана адистик дисциплиналар боюнча сабак өтүү багытында жетишерлик теориялык жана практикалык тажрыйбага ээ болгон жогорку квалификациялуу окутуучулар менен керектүү деңгээлде камсыз кылынган.
Учурда колледжде 133 окутуучу эмгектенет. Анын ичинен штаттык окутуучулар – 108 жана ички айкалыштыруу негизинде эмгектенгендер - 25. Окутуучулардын ичинде 13 илимдин кандидаттары эмгектенишет (10%). Кандидаттык диссертациялардын үстүнөн 4 окутуучу жана 3 окутуучу өздөрүнүн докторлук диссертацияларынын үстүнөн эмгектенүүндө. Униерситеттин мамлекет тарабынан каржыланган илимий иштерине 3 окутуучу катышууда.