mail@mail.com

111-111-111

Язык
  • Английский
  • Русский
  • Кыргызский

mail@mail.com

111-111-111

  • Главная
  • Университет
    • Миссия КУУ
    • Устав университета
    • Сертификат
    • Наш университет
      • История университета
      • Руководство
    • Структура университета
  • Факультеты
    • Финансово-экономический факультет
    • Естественно-педагогический факультет
    • Инженерно-технологический факультет
    • Юридико-таможенный факультет
    • Историко-филологический факультет
  • Колледжи
    • Медицинский колледж
    • Кесиптик колледж
    • Ала-Букинсикй колледж
  • Образование
    • Государственный язык и социальная работа
    • Учебный департамент
      • Учебный отдел
      • Отдел качества
    • Мамлекеттик тил борбору
    • Центр саморазвития "Глобус"
  • Международная деятельность
    • Департамент международных связей и инвестиций
      • Руководства
      • Сотрудники
    • Международное партнёрство
    • Гранты и конкурсы
    • События
    • Академическая мобильность
  • Наука
    • Отдел науки и аспирантуры
      • Проректор по научной работе
      • Научная деятельность
    • Научный журнал "НОТ"
  • Поступающим
    • Правила приёма
    • План приема
    • Общие сведения о специальностях
    • Нормативные документы
    • Аспирантура
    • День открытых дверей
  • Студентам
    • «Кыргызстан тарыхы» сабагы боюнча мамлекеттик аттестациялоонун программасы
    • Молодёжный комитет
    • Анкетирование
    • Студенческие объединения
  • Выпускникам
    • Центр карьеры
    • Ассоциация выпускников
  • Портал AVN

Курамы

  • Главная
  • Научная деятельность
ИЛИМ БОЙУНЧА ПРОРЕКТОР
ИСМАНОВ Медербек Марипжанович

Техника илим. кандидаты (2002)
Доцент (2008)
Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын корреспондент - мүчөсү (2014)

Исманов Медербек Марипжанович 1970-жылы 30-июнда Ош областынын Араван районуна караштуу Карл Маркс (азыркы Маңгыт) айылында туулган.

1993-жылы Кыргыз техникалык университетинин механика жана машина куруу факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. Эмгек жолун 1993-жылы ОшТУнун «Колдонмо механика» кафедрасында инженер болуп иштөөдөн баштаган.

1994-1997 жылдары Кыргыз-Өзбек университетинде окутуучу кызматында эмгектенген.

1997-2000 жылдары «Тоо машиналары» адистиги боюнча Кыргыз-Өзбек университетинин аспиранты.

2002-жылы М.М.Исманов тарабынан жаңы таштын массивинен архитектура-курулуш буюмдарын кесип алуу технологиясы иштелип чыккан жана аны ишке ашуруучу карьердик таш тилүүчү ККМ-1 машинасы жаратылган. Бир эле ККМ-1 машинасынын карьерде иштөөсү жылына 5 млн. сомдон ашуун экономикалык үнөмдүүлүктү берген. Аталган иштердин жыйынтыгында кандидаттык диссертация даярдалып 2002-ж. 25-июнунда Бишкек шаарында Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу институнда ийгиликтүү корголгон.

2011-жылдын сентябрынан баштап Исманов М.М. Кыргыз-Өзбек университетинде илим боюнча проректор жана көптөгөн илимий-техникалык долбоорлорго жетекчи болуп жигерлүү эмгектенүүдө. Ал жетектеген илим-изилдөө лабораториясында көптөгөн диссертациялар даярдалууда жана ийгиликтүү корголууда, ташты кесүүчү машиналардын жаңы конструкциялары жаратылып, тоо-кен өндүрүшүнө ийгиликтүү киргизилүүдө.

Көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында М.М.Исмановдун 50-ашуун илимий-усулдук эмгектери жарык көргөн, көптөгөн ойлоп табуулары үчүн Кыргыз Республикасынын патенттери алынган.

ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИЛИМИЙ-ИЗИЛДОО ИНТСТИТУТУНУН МУДУРУ
МАМАСАИДОВ Мухаммаджан Ташалиевич

Tехника илимдеринин доктору (1989)
Профессор (1992)
ЭАИАнын академиги (1996)
КРдин ИАнын академиги (1996)
КРдин УИАнын академиги (2000)

Маманазаров Джуманазар Маманазарович 1947-жылы 14-мартта Ош шаарында туулган.

1971-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун «Дарылоо иши» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун Ош шаардык аймактык оруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүндө врач болуп иштөөдөн баштаган.

1986-жылы талыкпаган эмгегинин жана изденүүчүлүк жөндөмүнүн натыйжасында кандидаттык диссертациясын, ал эми 2000-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1991-жылдан баштап «Трафматология жана ортопедия борборунун» мүдүрү, Түштүк Кыргызстандагы травматолог жана ортопеддер Ассоциасынын вице-президенти.

Дж.М.Маманазаров Кыргыз-Өзбек университетинин «Инновациялык технологиялар» илим-изилдөө институндагы «Өзгөчө кырдаалдар медицинасы» илим-изилдөө борборунун мүдүрү. Анын жетекчилиги астында мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланган илимий долбоорлор аткарылууда, 5 кандидаттык жана 2 докторлук диссертациялар даярдалган. Өзгөчө кырдаалдарда жана катастрофаларда жапа чеккен элге тез жана натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы инновациялык усулдары иштелип чыгып, кеңири масштабда колдонууга сунушталган. Ойлоп табылган медициналык каражаттардын жаңы конструкцияларына көптөгөн патенттер алынган. Эл аралык масштабдагы илимий форумдарда, конференцияларда активдүү катышуу менен бирге өзүнүн илимге киргизген жаңылыктарын апробациядан өткөрүп келүүдө.

Дж.М.Маманазаров 150 ашуун илимий-усулдук эмгектердин автору, алардын ичинде 6 монография, 20 ашуун окуу китептери жана усулдук колдонмолору, 31 ойлоп табууга алынган СССРдин автордук күбөлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын патенттери бар.

"АЛЬТЕРЭНЕРГО" ИЛИМИЙ-ОНДУРУШТУК БОРБОРУНУН МУДУРУ
ИСМАНЖАНОВ Анваржан Исманжанович

Техника илим. доктору, (1999)
Профессор (1999)
Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын
Академиги (2003)

Исманжанов Анваржан Исманжанович 1948-жылы 12-августа Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулган. 1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институнун Физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Эмгек жолун Өзбекистан Республикасынын Илимдер-академиясынын Электроника институнда изилдөөчү-стажер болуп иштөөдөн баштаган.

1972-1974 жылдары Өзбекистан Республикасынын Илимдер-академиясынын аспиранты болгон.

1974-1986 жылдары Өзбекистан Республикасынын Илимдер-академиясынын «Академ прибор» - илимий өндүрүштүк бирикмесинде инженер, ага инженер жана сектор башчысы болуп эмгектенген.

1982-жылы Москва шаарында кандидаттык, 1999-жылы Ташкент шаарында докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1999-2005 жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин Энергетика жана маалыматтык системалар факультетинде декандык кызматты аркалаган.

2005-2010 жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин ректору болуп эмгектенген. Анын илимий жетекчилиги астында 9 кандидаттык диссертация корголгон. Бүгүнкү күндө КӨУнун Эл-аралык мамилелер жана инновация департаментинин жана «Альтерэнерго» илимий-өндүрүштүк борборунун мүдүрү кызматында эмгектенип келүүдө. Илимий долбоорлордун алкагында көптөгөн чет өлкөлөрдө болуп, алардын илим-изилдөө институттары менен тыгыз байланыштарды жана тиешелүү келишимдерди түзүп келүүдө.

А.И.Исманжанов 270 ашуун илимий эмгектердин автору, алардын ичинде 6 монография, 17 окуу жана окуу-усулдук колдонмолор, 54 ойлоп табуу үчүн алынган патенттер бар.


"ОЗГОЧО КЫРДААЛДАР МЕДИЦИНАСЫ" ИЛИМИЙ-ИЗИЛДОО БОРБОРУНУН МУДУРУ
МАМАНАЗАРОВ Жуманазар Маманазарович

Медицина илим. доктору (2000)
Кыргыз Республикасынын
Инженердик академиянын
Корреспондент - мүчөсү (2004)

Маманазаров Джуманазар Маманазарович 1947-жылы 14-мартта Ош шаарында туулган.

1971-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун «Дарылоо иши» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун Ош шаардык аймактык оруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүндө врач болуп иштөөдөн баштаган.

1986-жылы талыкпаган эмгегинин жана изденүүчүлүк жөндөмүнүн натыйжасында кандидаттык диссертациясын, ал эми 2000-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1991-жылдан баштап «Трафматология жана ортопедия борборунун» мүдүрү, Түштүк Кыргызстандагы травматолог жана ортопеддер Ассоциасынын вице-президенти.

Дж.М.Маманазаров Кыргыз-Өзбек университетинин «Инновациялык технологиялар» илим-изилдөө институндагы «Өзгөчө кырдаалдар медицинасы» илим-изилдөө борборунун мүдүрү. Анын жетекчилиги астында мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланган илимий долбоорлор аткарылууда, 5 кандидаттык жана 2 докторлук диссертациялар даярдалган. Өзгөчө кырдаалдарда жана катастрофаларда жапа чеккен элге тез жана натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы инновациялык усулдары иштелип чыгып, кеңири масштабда колдонууга сунушталган. Ойлоп табылган медициналык каражаттардын жаңы конструкцияларына көптөгөн патенттер алынган. Эл аралык масштабдагы илимий форумдарда, конференцияларда активдүү катышуу менен бирге өзүнүн илимге киргизген жаңылыктарын апробациядан өткөрүп келүүдө.

Дж.М.Маманазаров 150 ашуун илимий-усулдук эмгектердин автору, алардын ичинде 6 монография, 20 ашуун окуу китептери жана усулдук колдонмолору, 31 ойлоп табууга алынган СССРдин автордук күбөлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын патенттери бар.

"ИЛИМ. БИЛИМ. ТЕХНИКА" ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ЖУРНАЛЫНЫН РЕДАКТОРУ
КАСЫМОВ Мирлан Касымович

«Илим. Билим. Техника» эл аралык илимий журналынын редактору,окутуучу (2011-2015)

Касымов Мирлан Касымович 1988-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Арал айылында туулган.

2010-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин инженердик-технологиялык факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун 2008-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин “Илим. Билим. Техника” эл аралык илимий журналынын редакциясында техник-оператор болуп иштөөдөн баштаган. Ал жерде 2009-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген.

2009-2011-жылдары Илим жана аспирантура бөлүмүндө инженер-программист жана Инженердик-технологиялык факультетинде окутуучу кызматтарында эмгектенген.

2011-жылдан тартып “Илим. Билим. Техника” эл аралык илимий журналынын редактору кызматында ийгиликтүү эмгектенип келүүдө.

М.К. Касымов 2 илимий-усулдук эмгектердин автору, республикалык жана шаардык деңгээлдеги мамлекеттик сыйлыктардын ээси.


  • Структура
  • Положения
  • Илимий иштерди каржылоо
  • Аспирантура
  • Ойлоп табуучулук ишмеримдуулугу
  • Диссертациялык жана илимий-техникалык(методикалык) кенеш
  • "Илим. Билим. Техника" эл-аралык илимий журналы
  • Инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  • Биздин жетишкендиктер
  • 111-111-111

  • mail@mail.com

О нашей деятельности

Не следует, однако забывать, что новая модель организационной деятельности в значительной степени обуславливает создание новых предложений.

Таким образом дальнейшее развитие различных форм деятельности позволяет выполнять важные задания по разработке новых предложений.

Готовы сделать заказ?

Дополнительная информация

  • Акция №1

    2015/08/31

  • Акция №2

    2015/08/31

  • Акция №3

    2015/08/31

  • Акция №4

    2015/08/31

  • Акция №5

    2015/08/31

  • Акция №5

    2015/08/31

© 2015, Honeymoon - романтический HTML шаблон сайта | html6.com.ru