ТАРЫХЫ

КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖДИН ТАРЫХЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 31-март 1997-жылдагы «Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжинин Кыргыз-Өзбек университетине өзгөртүү» жөнүндө Указын ишке ашыруу жана университеттин кесиптик билим берүү структурасын жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-май 1997- жылдагы токтомунун негизинде Кыргыз-Өзбек индустриалдык колледжи түзүлгөн. Ошол жылдан баштап колледж университеттин курамында такай мамлекеттик аттестациялардан өтүп, эл чарбасына керектүү адистерди даярдап келүүдө. 2007 жылдан баштап колледж өз алдынча структуралык түзүм болуп түзүлүп ага директор болуп т.и.к. Бакиров И.А. дайындалган.
Колледж 2007 жылы 3 адистик боюнча адистерди даярдаган жана түзүлгөн учурда анын өз алдынча окуу корпусу, бирикмелери болгон эмес. Студенттердин жалпы саны 80 ашык болуп болгону 360 мин сомдон ашуун окуу төлөмдөрүн түшүрүп турган. Сабак берген окутуучулар университеттин жогорку билим берген факультеттеринин окутуучулары болгон.
2007-2008 окуу жылында колледждин жетекчилиги тарабынан колледждин статусун жогорулатуу боюнча чечкиндүү кадамдар ташталган. Окуу жылдын ичинде эл чарбасына керектүү болгон социалдык багыттагы жаны 7 адистик боюнча лицензиялар алынган жана колледждин адистиктерин факультеттерден бөлүп өз алдынча структуралык түзүм уюштурууга негиздер түзүлгөн.
2008-2009 окуу жылын колледж өз алдынча структуралык түзүм катары окуу процессин өзүнө бекитилген окуу имааратында (№4 окуу имааратынын бир бөлүгү) баштап, дирекция жана ага түздөн-түз баш ийген эки бирикме түзүлгөн. Ал эми студенттердин саны кескин түрдө көбөйүп алардын саны 500 ашуун болуп, окуу төлөмдөрү бир эле жылда 10 эсеге жогорулаган.
2010-2011 окуу жылын колледж окуу процессин эки окуу имааратында (№2 жана №4 окуу имаараттарынын бөлуктөрү) баштап университеттин тигүү фабрикасында (6 окуу имаараты) жайгашкан материалдык-техникалык базасын жана чеберканаларын (№2 окуу имааратына) көчүрүп келүү менен (чачкындуу болгон) өзүнүн базасын бир жерге топтоого жетишкен. Ошол эле учурда колледж өзүнүн башка адистиктеринин да материалдык-техникалык базасын жогорулатууну уланткан. Заманбап 3 компьютердик класстар уюштурулган. Автоунаалар боюнча 4 окуу кабинети (толук базасы менен) инженер-технологиялык факультетинен колледждин карамагына өткөрүлүп алынган.
2011-2012 окуу жылынын сентябрь айында универстиеттин Окумуштуулар кенешинин чечими жана ректордун буйругу менен менен Кыргыз-Өзбек индустриалдык колледжи мезгилдин талабына жооп бере турган «Социалдык колледж» болуп атын өзгөрткөн.
2012-2013 окуу жылынын башында колледждин бирикмелериндеги окуу жүктөмдөрүнүн жана окутуучулардын кескин көбөйүшүнүн натыйжасында жана бирикмелерди максаттуу багытка келтирүү үчүн колледжде жаныдан беш бирикме түзүлгөн. Төрт бирикме адистиктерге багытталган бүтүрүүчү бирикмелер, ал эми бир бирикме гуманитардык сабактар боюнча тейлөөчү бирикме.
2013-2014 окуу жылынын башында колледждин адистиктерин багыттар боюнча жөнгө салуу максатында университтеттин Окумуштуулар кенешинин чечими менен «Табигый-техникалык жана педагогика», «Экономика жана укук» бөлүмдөрү ачылды. «Табигый жана педагогика» бөлүмүнө жети адистик менен үч бирикме, ал эми «Экономика жана укук» бөлүмүнө үч адистик менен эки бирикме бекитилип берилди.
2013I2014 окуу жылынын башында колледждин адистиктерин багыттар боюнча жөнгө салуу максатында университтеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Табигый жана педагогика», «Экономика жана укук» бөлүмдөрү ачылды. «Табигый жана педагогика» бөлүмүнө жети адистик менен үч бирикме, ал эми «Экономика жана укук» бөлүмүнө үч адистик менен эки бирикме бекитилип берилди.
Акыркы жылдары педагогикалык адистиктердеги студенттердин саны кескин жогорулагандыгына байланышттуу 2017-2018 окуу жылында Социалдык колледждин структурасында олуттуу өзгөрүүлөр болду. «Табигый-техникалык», «Педагогика» жана «Экономика жана укук» бөлүмдөрү кайрадан түзүлүп аларга баш ийген алты бирикме бекитилди.
Социалдык колледждин адистиктери көп тармактуу болуп анын аталышы замандын жана аккредитациялык талаптарга жооп бере албай жаткандыгына байланыштуу Кыргыз-Өзбек университетинин 2019 жыл январь айындагы Окумумштуулар кенешинин чечими жана ректордун буйругу менен Социалдык колледж Кыргыз –Өзбек кесиптик колледжди болуп өзгөрдү.
Колледждин педагогикалык жамаатынын негизги максаты - бүтүрүүчүлөрдү сапаттуу даярдоо менен алардын квалификациясынын жана компетенттүүлүгүнүн негизинде жана базар экономикасынын шартында алардын конкурентүүлүгүн камсыз кылуу. Колледж түштүк региондогу орто кесиптик окуу жайларга салыштырмалуу жаны инновациялык технологиялардын негизиндеги усулдарды, жогорку денгээлде уюштурулган окуу-материалдык базаны, профессор-окутуучулар курамын пайдалануу менен жогорку квалификациядагы жумуш берүүчүлөрдүн койгон талаптарына компетенттүү адистерди даярдап чыгаруу.
Учурда колледж 18 адистик боюнча лицензияга ээ болуу менен ошол адистиктер боюнча студенттерге билим берүүдө. Студенттердин саны азыркы күндө 3269 га жетти жана быйылкы окуу жылында 13 адистик боюнча бүтүрүүчүлөр даярдалып чыгууда. Колледж өз алдынча структуралык түзүм болуп түзүлгөндөн баштап азыркы күнгө чейин студенттерди саны 40 эсеге, ал эми окуу төлөмдөрдүн көлөмү 120 эседен жогору болууда.

КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖ БҮГҮНКҮ КҮНДӨ

Бүгүнкү күндө кесиптик колледж билим берүүнү ишке ашыруу максатында төмөндөгү багыттар боюнча кесиптик орто билимдүү адистерди даярдоону жүргүзүп келүүдө:
1. 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча);br> 2. 080107. Салык жана салык салуу;
3. 080106. Каржы (тармакта боюнча);
4. 030503. Укук таануу;
5. 030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу;
6. 0260903. Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы;
7. 070602. Дизайн (тармактар боюнча);
8. 140212. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча);
9. 230109.Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо;
10. 190604. Автомобиль транспортун оёдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө
11. 230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча);
12. 050704. Мектепке чейинки билим берүү; 13. 050709. Башталгыч класстарды окутуу;
14. 050711. Социалдык педагогика;
15. 050721. Дене тарбия;
16. 050702. Котормо иши;
17. 050303. Чет тили;
18. 050713. Башталгыч билим берүүдөгү коррекциялык педагогика.
Кесиптик колледждин студенттеринин жана окутуучуларынын саны жылдан жылга өсүп келүүдө. Төмөндө студенттердин жана окутуучулардын, 2005 жылдан баштап 2019 жылга чейинки, өсүү көрсөткүчү көрсөтүлгөн.

Кесиптик колледждин структуралык түзүлүшү

Азыркы учурда колледж 3 бөлүмдөн жана аларга баш ийген 6 бирикмеден турат.
Кесиптик колледждин структуралык түзүмү төмөндөгүдөй: