Курамы

Маданий-массалык жана тарбия иштер

Университеттин негизги структураларынын бири катары колледж маданий массалык иш чараларга активдүү катышууда. Студент жаштардын кесиптик өзгөчөлүгүнө жараша колледж жетекчилигинин, студенттик кошундун колдоосу аркылуу түрдүү КВН, кружоктор, спорттук мелдештер, кароо-сынактар, майрамдык бий-кечелери жана башка ар тараптуу кызыктуу иш чаралар өткөрүлүүдө. Аталган иш–чаралар республикабыздын коомдук саясий чөйрөсүнүн алкагында, университеттин маданий – массалык иш – аракеттеринин багытында, коллеждеги студенттер кесиптик өзгөчөлүгүнө жараша коллеж жетекчилигинин, цикл башчыларынын, тайпа кураторлорунун, тайпа лидерлеринин, студенттик кошундун колдоосунда ишке ашырылат. Иш-чаралардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, кураторлор менен студенттердин, окутуучулар менен ата – энелердин жана окуу тайпаларынын өз ара байланыштарын чындоо болуп саналат.
Коллеждеги тарбиялык иш-чаралар студент жаштарды Ата-мекенге болгон патриоттук сезимдерин жогорулатуу, өнүктүрүү, мекенин таанууга, сүйүүгө жана коргоого, эл-жерине кызмат кылууга жана ал үчүн тереё билимдин зарыл экендигине негизделген. Студент жаштардын ар тараптан бышып жетилүүсүн, терен, билим жана мыкты тарбия алуусун камсыздоо коллеждин тарбиялык иш чараларынын негизги багыты, башкы максаты.
Кесиптик колледжде студенттерди социалдык жактан коргоо боюнча төмөндөгү иш-чаралар алынып барылат:
· Тоголок жетим, үй- бүлөсү начар камсыз болгон жана ата-энеси майып студенттерге контракт төлөмүнүн 50 % жана 25 % жеңилдик берилген.
· Алыскы райондордон келген жана аз камсыз болгон үй- бүлөдөн келген студенттер студенттик жатакана менен камсыз болушкан.
Колледждин студенттери үчүн колледждин корпустарында 2 ашкана иштейт. Студенттерди медициналык жактан тейлөөдө атайын медициналык пункт иштейт. Ал максатта бир фельдшер жана бир тиш дарыгери бөлүнгөн. Аларга атайын бөлмөлөр бөлүнүп, керектүү шаймандар, дары- дармектер менен камсыз кылынган. Окуу жылынын башында, колледждин бардык студенттери флюорографиялык текшерүүдөн жана медициналык кароодон өткөрүлгөн.
Студенттердин ден-соолугун чындоо үчүн аларга 2 спортук зал, 1 футболдук аянтча, теннис, волейбол жана баскетбол аянттчалары кызмат кылууда.
Чыгармачыл жана таланттуу студенттер үчүн университеттин музыкалык борбору, түрдүү ийримдер иштейт жана аларга университеттин 2 чон актовый залдары кызматта.
Кесиптик колледжинин директору, т.и.к.
И.А.Бакиров