1997 жылы Фергана мамлекеттик университетин окууну артыкчылык диплому менен аяктап Кыргыз-Өзбек университетинин каржы-экономикалык факультетине окутуучу кызматына кабыл алынган. Факультетте окутуучулук иштер менен бирге илимий иштерди кошо аткарып 2011 жылы экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 2013 жылдын сентябрынан университеттин социалдык колледжинин «экономика жана укук» бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп келүүдө. 10 дон ашык илимий макалалар жана 3 окуу-усулдук колдонмолордун автору. Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүнүн депутаты.