Абдуллаева Чолпонай Хабибуллаевна 1998-1999жж. Кыргыз-Өзбек университетинин каржы - экономикалык факултетинин окутуучусу, 1999-2005-жж. университеттин энергетика информациялык системалар факултетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, информациялык системалар кафедрасынын ага окутуучусу, 2005-2007-жж. университеттин компьютердик жана телекоммуникациялык технологиялар факултетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, колдонмо эсептөө математикасы кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу. 2007-2010-жж. университеттин инженердик - технологиялык факультетинин деканын окуу иштери боюнча орун басары, экономикадагы колдонмо информатика кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучу. 2010-2013ж.ж. университеттин социалдык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары. 2013-жылдан бери социалдык колледждин «табигый-техникалык жана педагогикалык» бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» белгисинин жана Кыргызстан аялдар конгресси тарабынан областык деңгээлде «Мыкты окутуучу» сертификатынын ээси.
Бүгүнкү күндө Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Алымкулов К.А. жетекчилигинин алдында өзүнүн илимий ишин коргоп, физика-математика илиминин кандидаты наамын алды. 20 дан ашуун илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору болуп эсептелет.
1986-1991-жылдары Бишкек шаарындагы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун «Чет тилдери» факультетин бүтүрүп «Англис жана немис тилдери окутуучусу» квалификациясына ээ болгон. Эмгек жолун 1991-1998 жылдары Ноокат районундагы «Кашкалдак» орто мектебинде англис тили окутуучусу болуп эмгектенүүдөн баштаган. 1998-2003 жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин «Чет тили» кафедрасынын англис тили окутуучусу, ага окутуучусу, кафедра башчысынын орун басары болуп, ал эми 2003-2012 жылдары кафедра башчысы, доцент. 2012 жыл 28 июньда Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен «Тил илими» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы берилген. 2012 жылдан баштап социалдык колледждин «Педагогикалык сабактар» бирикмесинин башчысы. Басмадан «Англис тили» окуу китептери, окуу-усулдук колдонмолору, окуу-усулдук комплекси, бир нече илимий макалалары, жалпысынан 30 дан ашуун илимий эмгектери жарыкка чыккан.
2005 жылы Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетинин «Тарых» адистигин артыкчылык диплому менен аяктап, «Жалпы тарых» кафедрасына окутуучу кызматына кабыл алынган. 2008-2010 жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин индустриалдык колледжинде тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары кызматында иштеген. 2010 жылдын сентябрынан университеттин социалдык колледжинин «Гуманитардык сабактар» бирикмесинин башчысы кызматында иштеп келүүдө. 10 го жакын илимий макалалар жана 4 окуу-усулдук колдонмолордун автору. Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн депутаты. Билим берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн университеттик жана шаардык «Ардак грамоталар» менен сыйланган.