2018-жылдын 1-14 апрель күндөрү аралыгында , колубуздун келишинче, алыбыздын жетишинче аткарган пайдалуу иштер жөнүндө кыскача токтолуп, айрым гана көз ирмемдер менен бөлүшкүм келди(уюштуруу иштерине тиешелүү болгондугум үчүн)! 2018-жыл Кыргыз Республикасында Президентибиздин жарлыгына ылайык "Региондорду өнүктүрүү жылына" карата "Кыргызстан Жаштар Ынтымагы" Коомдук бирикмеси менен 2018 түп терек эгип, республикалык жаштар конференциясын өткөрдүк. Ал эми окуу жайыбызда Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүлөр жолугушуусун уюштуруп, кароосуз калган келечек муундан кабар алып, спортзалдын ачылышын кылып ж. б. у. с. маанилүү иш чараларды жакшы өткөргөнү аракет кылдык. Көпчүлүгү азаматсынар сонун идеялар менен жогорку деңгээлде уюштурупсунар, мындай иш аракеттер колдоого мактоого аларлык деп, адамгерчилик бийик сапаты менен дем күч беришти, бирок азыраак бөлүгү, тагыраагы 1-2 пайызы жон гана сындап коюп, "Бышкан ашка сынчы көп" демекчи, мейли ким болбосун, Бүткүл дүйнөгө үлгү болгон акыркы жана сүйүктүү Пайгамбарыбызга каршылык көрсөтүп, душмандары болгон сыяктуу, биз дагы болушунча коомубузга, окуу жайыбызга , жалпы эле мекенибизге буйруса болушунча кызмат кыла беребиз, "Миң жолу жарыктык жөнүндө сүйлөгөндөн көрү бир жолу шам жаккан жакшы" аттуу девиз менен алга жылып, "Билген адам иш жасайт, билбеген акыл үйрөтөт" болуп, кудаа кааласа сөзсүз максаттарыбызга жетебиз жана алга жылы беребиз!