Окуу-усулдук иштердин негизги максаты – окутуунун жаны ыкмаларын, технологияларын, усулдарын колдонуу аркылуу окуунун сапатын жогорулатуу. Бул максатты ишке ашыруу үчүн алдынкы окутуучулардын тажрыйбаларын жайылтуу, ачык сабактарды уюштуруп өткөрүү, башка окуу жайлар менен тажрыйба алмашуу, окутуучулардын билимдерин өркүндөтүү, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү сыяктуу ж.б. иштер алынып барылууда.
Студенттердин толук кандуу билим алуусу үчүн талапка ылайыктуу камсыздалган лабораториялар, окуу кабинеттер жана чеберканалары бар үч окуу имаратында билим алышууда. Андан сырткары колледж универстиеттин мезгилдин талабына жооп бере турган компьютердик, мультимедиялык класстарынан, китепканаларынан толук пайдалана алат.
Колледжде 7 компьютердик класс (билим берүүдө колдонулуп жаткан бардык компьютерлердин саны – 92), китепкана, усулдук кабинет, лабораториялар, кабинеттер, лекциялык кааналар, интерактивдүү доскалар менен жабдылган 13 мультимедиялык кааналар. Мындан сырткары автотрансторторду ондоочу жана тейлөөчү мастерскойлор, автотренажердук кабинеттер, окуу лабораториялары түзүлгөн. Стденттер үчүн айдоочулар курсу иштеп жатат. Эл чарбасына керектүү болгон модельер-конструктор адистиги үчүн заманбап (Германия) алты чеберканалар сатып алынып, колдонууда.