Окумуштуулар кеңешинин l отуруму өттү
Бүгүн, 12-сентябрда 2022-2023-окуу жылына карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин l отуруму маданий-эстетикалык комплексинин чоң жыйындар залында өткөрүлдү.
Отурумга окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнөн сырткары декандардын, директорлордун орун басарлары, баардык бөлүм башчылар жана педагогикалык-окумуштуулар жамааты катышты.
Окумуштуу-окутуучулардын жалпы курамы катышкан жыйындын башында, өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын рейтингин аныктоодо эл аралык НААР агенттигинин стандарттарына ылайык Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин дене тарбия адистиги менен костюм жана текстиль искусствосу адистиги экинчи орунду багындыргандыгы айтылып, аларга берилген сертификаттар адистик башчыларына тапшырылды.
Ал эми “Топ-50” Жогорку окуу жайларынын рейтингин аныктоого катышкан Кыргыз Республикасынын профессор-окутуучуларынын ичинен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Медербек Исманов байгелүү орунга жеткенин тастыктаган сертификат алды.
Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан берилген доцент окумуштулуук наамынын күбөлүгү университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты Сыргак Сарыковго, кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты Бактыгүл Исмаиловага тапшырылды. Ага улай эле Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору Чаткалбай Райымбаев КР Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан ыйгарылган профессор окумуштуулук наамынын күбөлүгүн алды.
Жыйындын жүрүшүндө белгиленген окуу жылына карата университеттин ишмердик багыттары боюнча негизги маселелер бекитилди. Ошондой эле окуу жайдын функционалдык-структуралык түзүмү бекитилип, тиешелүү жетекчилер дайындалды.
2022-2023-окуу жылына карата Окумуштуулар кеңешинин отурумдарынын иш планы добушка коюлуп, колдоо тапты. Мындан сырткары үстүбүздөгү жана кийинки окуу жылдары үчүн окумуштуулар кеңешинин курамы бекитилди.
Кыргы—Өзбек Эл аралык университетинин маалымат кызматы – 2022.




