Бириккен профсоюз уюму ооз ачырды
2022-жылдын 14-апрелинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги жана бириккен профсоюз уюму университеттин жамаатына ооз ачар уюштурду.
Бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев жалпы жамаатты Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, каалоо, тилектерин жолдоду.
Ал эми сөз кезегинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, Рамазан айы жакшылыктарга, берекелерге, соопторго толгон өзгөчө касиеттүү ай экенин айтып, Ыйык Рамазан айында орозо кармагандардын орозосу кабыл болуп, ар бир үйгө ырыскы, береке толуп, куттуу мекенибиз Кыргызстанда дайыма тынчтык өкүм сүрүп, окуу жайыбыз өсүп, өнүгө берсин деген тилегин билдирди.
Андан соң окуу жайдын аксакалы, кесиптик лицейдин директору Карим Тиллебаев уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтып, батасын берди.
Белгилей кетсек бул иш-чара жыл сайын Рамазан айында уюштурулуп келет.




