Эки тараптуу кызматташуу

Кечээ, 30-март күнү эки тараптуу кызматташуу максатында Түндүк Кавказ мамлекеттик академиясынын эл аралык кызматташуу жана тышкы байланыштар башкармалыгынын башчысы Бисилов Назим Урусланович, «Питервуз» кызматташуу боюнча Евразиялык агентствосунун генералдык директору Асеналханов Данияр Асеналханович Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келишти.
Эл аралык байланыштар жана инвестиция департаментинин чакыруусу менен келген конокторду окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алып, университеттин кыскача тарыхы менен тааныштырды. Андан соң эки тараптуу келишим түзүлүп, Санк-Петербург шаарындагы окуу жайлар менен кызматташуунун планы талкууланды.
Жыйынтыгында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулары, окутуучу жана студенттери үчүн академиялык мөбилдүүлүгүнө жана илимий изилдөөлөрүнө шарттар түзүлөрү маалым болду.