2022–жылдын 31-январь күнү университеттин Окумуштуулар кеңешинин V отуруму болуп өттү

2022–жылдын 31-январь күнү университеттин Окумуштуулар кеңешинин V отуруму болуп өттү.
Аталган отурумда күн тартибине ылайык “Инновациялык технологиялар” ИИИнин, илим жана аспирантура бѳлүмүнүн, “Илим.Билим.Техника” эл аралык журналынын 2021-жылдагы ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктары жана ѳнүгүү перспективалары; Университеттин 2021-жылдагы илимий ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык эсеп-кысабы жана ѳнүгүү перспективалары каралып, суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.
Жыйынтыгында илим багытында жүргүзүлгөн иштердин жылдык эсеп-кысабы Окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылды. Соңунда илимий ишмердүүлүк боюнча жыл мыктылары аныкталып Грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Отурумга Окумуштуулар кеңешинин жана өндүрүштүк кеңештин кеңейтилген курамынын жалпы мүчөлөрү катышты.