24-декабрь күнү КӨУнун жатаканасында жаңы жылдык кече өткөрүлдү.

Жатаканада жаңы жылдык кече

24-декабрь күнү КӨУнун жатаканасында жаңы жылдык кече өткөрүлдү. Жатакананын жашоочулары ыр-бий, оюн-зоокторду даярдашып, мыкты маанай тартуулашты. Кечеге аяз ата жана аяз кыз конок болуп келип, мыкты студенттерге белектерин беришти.

Эскерте кетчү нерсе, буга чейин жатакананын жаштары жатакананын ичин, коридорлорду кооздоп, жаңы жылдык маанай жаратышкан.