23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бир айлык иш-чаралардын планы бекитилген.

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бир айлык иш-чаралардын планы бекитилген.
Аталган буйруктун негизинде 14-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилди окутуунун инновациялык усулдарынын көргөзмөсү уюштурулду.
Бул көргөзмөгө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору Сыргак Сарыков баштаган жамаат активдүү катышып келди.