Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эл аралык илимий-практикалык конференция өттү
Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына, 10-ноябрь-Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Азыркы дүйнөдөгү илим: абалы, келечеги” аталышында эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү.
Бүгүнкү күндүн шартында илимий конференцияга Казакстандын окумуштуулары онлайн режиминде катышты. Ал эми Өзбекстандын окумуштуулары, өлкөбүздүн башка аймактарындагы окуу жайлардын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышкан салттык режимдеги конференция Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин куттуктоо сөзү менен башталды.
Пленардык жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү кыргыз интелегенциясынын орду, дүйнөлүк илимдин бүгүнкү абалы, келечеги тууралуу атайын докладдар окулду. Ошону менен катар эле Кыргыз Республикасынын отуз жыл аралыгындагы коңшулаш өлкөлөр менен болгон ар тараптуу алакасы талкууга алынды. Өлкөбүздөгү илимдин бүгүнкү абалы, келечеги тууралуу кенен айтылды.
Пленардык жыйындан кийин төрт багыт боюнча секциялык иштердин жүрүшү менен конференция өз ишин улантты. Анда белгиленген багыттар боюнча атайын докладдар окулуп, кызуу талкуулар жүрдү.
Андан соң илимий-практикалык конференциянын катышуучулары жалпы жыйынга чогулушту. Мында белгиленген илимий иш чара өз максатына жеткендиги белгиленди. Жалпы катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынып, илимий конференция жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жыл сайын илим күнүн татыктуу белгилеп, республикалык, эл аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүнү салтка айлантып алган.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин маалымат кызматы – 2021




