МАЗМУНДУУ КОНОК ЛЕКЦИЯ INFORMATIVE GUEST LECTURE
КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы, т.и.к., доцент Кубатова Аида Эсенгуловна «КЫРГЫЗ СОВЕТ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН ТҮПТӨЛҮШҮНДӨГҮ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН РОЛУ» аталышындагы көргөзмөлүү лекция окуду.
Конок лекцияга студенттер жана окутуучулар катышып, баалуу жана өзгөчө архивдик материалдар менен таанышышты.
Лекция суроо- жооптор менен коштолуп, маңыздуу маектешүү болду. Конок лекция тарых-филология факультетинин тарых жана философия кафедрасы тарабынан уюштурулду.



