1-курстар аралык спартакиада старт алды
Бүгүн, 26-октябрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин факультет, колледждеринин 1-курстарынын ортосунда спорттун волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, кичи фудбол, жеңил атлетика жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча спартакиада старт алды.
Спорттук иш чаранын ачылышына университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, «Достук» спорт клубунун жетекчиси Азат Токтобаев, декандардын орун басарлары, дене тарбия мугалимдери жана 1-курстун студенттери катышты.
Спартакиаданын максаты студенттердин ден соолугун чыңдап, сергек жашоого үндөп, мыкты деп табылган студенттерди окуу жайдын курама командаларына кошуу болуп саналат.
Иш чара 28-октябрда жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болушат.



