Илимий -практикалык конференция өттү
Кыргыз-Республикасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин педагогикалык сабактар бирикмеси тарабынан 2021-жылдын 20-майында “Билим берүүдөгү инновациялык технологиялар: көйгөйлөр жана өнүгүү перспективалар” аталышындагы жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-практикалык конференциясы онлайн режиминде өткөрүлдү.
Конференция университеттин ишмердик багыттарын чагылдырган видео баян менен башталды.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев куттуктоо сөзүндө онлайн режиминде өтүп жаткан иш чаранын маани-маңызына токтолду.
Андан соң Республикалык илимий-практикалык конференцияга физика-математика илимдеринин доктору, профессор М.М. Таиров, педагогика илимдеринин доктору, профессор Т.М.Сияев, педагогика илимдеринин доктору, профессор Д.Б.Бабаев куттуктоо сөздөрүн айтып, жаш илимпоздорго ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилигине, эмгек жамаатына, уюштуруучуларга ыраазылыктарын билдирип, конференциянын ишмердүүлүгүнө жогорку баа беришти.
Пленардык жыйындын баяндамалары бүткөн соң конференция секциялык иштерде улантылды. Андан соң секция башчыларынын маалыматтары угулуп, суроо-жооптор менен иш чара улантылды. Соңунда мыкты баяндама жасаган катышуучулар дипломдор менен сыйланып Конференция резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды.




