«Мезгилдин издери менен» аттуу тегерек стол өттү
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин «ЭУКС»бирекмеси тарабынан 18 -май Эл аралык музей күнүнө карата Сулайман -Тоо -улуттук тарыхый- археологиялык музей комплекси менен биргеликте «Мезгилдин издери менен» аттуу тегерек стол уюштурулду.
Аталган тегерек стол эки бөлүккө бөлүнүп, биринчи бөлүгүндө студенттер музей экспонаттары менен таанышып чыгышты.
Ал эми экинчи бөлүгүндө музейдин илимий иштер боюнча орунбасары Ибайдуллаев Хайрулло Хабибуллаевич тегерек столду ачып, студенттерге музей жөнүндө маалымат берип, тегерек стол суроо-жооп, талкуу менен коштолду.




