Медайымдар күнү белгиленди
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде 12-май-Медайымдардын эл аралык күнүнө карата «Менин сыймыгым-менин кесибим» аттуу кароо-сынак өттү.
Кароо-сынак үч этапта уюштурулуп, катышуучулар өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүп жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер тапшырылды.
Андан сырткары медициналык колледждин мугалимдери, окуудагы жетишкендиктери жана маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышкан студенттер университеттин жана профсоюз уюмунун ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Ошондой эле медайымдардын күнүнө карата чакырылган конокторго уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык кат, атайын белектер берилди.
Аталган иш-чарага КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев, медициналык колледждин директору Равшан Жумаев катышып куттуктоо сөздөрүн айтышып, келген конокторго ыраазычылыктарын билдиришти.




