Окуу колдонмолорун презентациялоо иш-чарасы өттү. Бул иш чарада Каржы-экономика факультетинин деканы Ш.О. Шакиев баштаган профессордук-окуутучулук курам катышты.
2021-жылдын 16-июнунда МКЧК (ОУБ) окуу-усуулдук борбору Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен биргеликте «Террордук ишмердикти каржылоого жана Кыргыз Республикасынын китепканаларынын жана ЖОЖдорунун кирешелерин кылмыш жолу менен легалдаштырууга (уурдоого) каршы аракеттенүүнүн улуттук системасынын өзгөчөлүктөрү» аттуу окуу колдонмолорун презентациялоо иш-чарасын өткөрдү.
Аталган иш-чарага окуу колдонмолорунун автордук жамааттары, Кыргыз Республикасынын китепканаларынын жана ЖОЖдорунан атайын өкүлдөр катышты.
Колдонмолор (банктык, микрокаржылык, камсыздандыруу мекемелеринен, кредиттик союздардан, нотариустардан, ломбарддардан алмаштыруу бюролорунан ж.б.) акча каражаттарын уурдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүнү жүзөгө ашыруучу тараптарга, экономика жана юридика факультеттеринин студенттерине жана окутуучулары үчүн, ошондой эле кесипкөй бухгалтерлер, каржы менеджерлери, салык консультанттарына жана аудиторлордун улуттук өзгөчөлүктөрдүн айрым бөлүктөрүнүн актуалдуу багыттарын окуп үйрөнүшү үчүн сунушталат.


Каржы-экономика факультетинин 580100. «Экономика» багытындагы негизги билим берүү программасын талкуулоо боюнча бүтүрүүчүлөр менен o n — l i n e р е ж и м и н д е жолугушуунун программасы.pdf

Каржы-экономика факультети

«Каржы жана башкаруу», «Экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедраларынын   бүтүрүүчүлөр  менен 580100 «Экономика» багыты боюнча on-line  режиминдеги жолугушуусунун

№ 8 «В» Протоколу

 

2021-жылдын  7-майы

 

Катышуучулар:  

Жолугуушунун төрагасы — КЭФтин деканы Ш.О.Шакиев, э.и.к.,профессор;

Катчысы — «КжБ» кафедрасынын лаборанты Г.Ш.Осмонова

1) бүтүрүүчүлөр ;

2) «КжБ», ЭБЭжСИ» кафедраларынын толук курамы;

3) Университеттин аккредитациялоо  жана билим  берүү сапаты  департаменти;

Күн тартиби:

  1. 580100 «Экономика» багытынын негизги билим берүү программасын тааныштыруу;
  2. «Экономика» багытынын окуу пландарында калыптандыруучу компетенцияларды (жарамдуулуктарды) бүтүрүүчүлөрдүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен негизги билим берүү программасына жана окуу пландарына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү;

Угулду: 

  1. Алгачкы кириш сөз Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу департаментинин башчысы э.и.к., доцент А.Ш.Юсуповго берилди. Ал  өз сөзүндө катышуучуларды  университеттин негизги ишмердүүлүгүнүн бүгүнкү  абалы жана стратегиялык өнүгүү пландары, программаларды аккредитациялоонун  максаты жөнүндө баяндама жасады.
  2. Факультеттин деканы э.и.к., профессор Ш.О.Шакиев жолугуушунун катышуучуларына ийгиликтерди каалоо менен бирге факультеттин стратегиялык өнүгүү планына токтолуп,университеттин өнүгүүсүнө жана негизги билим берүү программасынын эмгек рыногуна ылайык тартипке  келтирүүгө  бүтүрүүчүлөрдүн  кошкон салымы  жана орду абдан маанилүү экендигин баса  белгилеп өттү.
  3. Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча «ЭБжСИ» жана «КжБ» кафедраларынын башчылары э.и.к., доценттер А.Ш.Абжамилова жана М.М.Сотволдиевалар күн тартибине коюлган 580100. «Экономика» багытынын негизги билим берүү программасын тааныштырууда учурдагы эмгек рыногундагы жана профилдерди даярдоодогу актуалдуу маселелерге токтолушуп, ар бири профилдердин өзгөчөлүктөрү жөнүндө  маалыматтарды  беришти.

Ал эми өз кезегинде бүтүрүүчүлөр  программаларды жана окуу пландарын талкуулоого дилгирлүү катышышып, учурдагы эмгек рыногундагы маселелерге токтолушту жана өз сунуштарын жана пикирлерин ортого салышты. Атап айтканда:

«Кыргыз почтасынын» Ноокат районундагы филиалынын башкы бухгалтери- Б.Д.Дуйшеев  «Экономика» багытынын бардык профилдериндеги негизги билим беруу программасында жана окуу планында каралган «Макроэкономика», «Микроэкономика» сабактарынын  кредитин,сааттарын кыскартуу менен  анын ордуна  санариптештирүү программаларын,«1С Бухгалтерия»  «Электрондук отчеттуулук»  сабактарын киргизүү учур талабы экендигин белгилеп кетти. Ошондой эле Б.Д.Дуйшеев  жана Алай райондук социалдык өнүгүү башкармасынын башкы адиси Ж.А.Тажиковдор  университеттин деңгээлинде  окуу процессин өндүрүш менен тыгыз байланышын күчөтүү үчүн  кредиттик саттарды көбөйтүү боюнча  сунуштарын айтышты.

«ЭкоИсламик» банкынын Ноокат районунун филиалынын бухгалтери И.Төрөев  менен «М-Булак»  микрокредиттик компаниясынын  менеджери М.М.Маматазизов 580100.«Экономика» багытынын профилиндериндеги окуу пландары менен астейдил таанышып чыгышкандыктарын айтышып,«Каржы жана насыя» профилине «Каржылоонун ислам принциптери», «Банктагы бухгалтердик эсеп» сабактарын окуу планына  киргизүү ойлорун  жана бул сабактарды өтүүдө банк адистерин чакырып лекция жана практика сабактарын уюштурулуусу абдан натыйжалуу болоорун айтышты.

Учурда окуу планына «Каржылык сабаттулуктун  негиздери»,  каржылык ишмердүүлүктү жүргүзүүдөгү Кыргыз Республикасынын нормативдик документтерин жана компьютердик технологияларды колдонуу менен иш кагаздарды толтурууну үйрөтүү учур талабы экендигин «Билайн» компаниясынын Оштогу адиси Бекмырза Алмазбек уулу айтып берди.  Жолугушууга 30 дан ашуун бүтүрүүчү катышты.

Токтом:

  1. 580100. «Экономика» багытындагы негизги билим берүү программасына жана учурдагы профилдердин окуу пландарына бүтүрүүчүлөрдүн сунуштарынын негизинде толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин;
  2. 2. Ишке ашыруу укугу кафедра башчыларына милдеттендирилсин;
  3. 3. Бүтүрүүчүлөр менен окуу процессинин натыйжалуулугун артыруудагы байланыштары күчөтүлсүн;
  4. 4. Жолугуушунун протоколунун көчүрмөлөрү университеттин  аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментине жана бүтүрүүчүлөр асоцициясынын  төрагасынын дарегине жеткирилсин;

4.Бүтүрүүчүлөр менен болгон жолугуушу жөнүндөгү маалыматтардын топтому университеттин сайтына  жана факультеттин атайын порталына жайгаштырылсын;

  1. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жолугушуунун төрагасына жүктөлсүн.

Жолугуушунун төрагасы: КЭФтин деканы

 э.и.к., профессор 

 Шакиев Ш.О.

 

Катчысы : «КжБ» кафедарасынын

лаборанты Осмонова Г.Ш.

 


 


540200. «Социалдык иш» багыттарындагы негизги билим берүү программасын талкуулоо боюнча ата-энелер менен o n -l i n e р е ж и м и н д е жолугушуунун программасы.pdf

                            Каржы-экономика факультетинин окуу-усулдук кенешинин

«Каржы жана башкаруу», «Экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедраларынын  ата- энелер  (стейкхолдерлер) менен

  1. «Экономика» жана 540200. «Социалдык иш» багыттары боюнча on-line режиминдеги  жолугуушусундагы чогулушунунун

№ 8 «б» Протоколунун көчүрмүсү

2021-жылдын  29-апрели

Катышуучулар:

                                    1.Ата- энелер;

                                    2.Кураторлор;

                                    3.Тайпа старосталары;

                                    4.Аккредитация жана билим берүү сапаты департаменти;

                                    5.Каржы-экономика факультетинин  профессордук-окутуучулук       жамааты.

                              Чогулуштун төрагасы- КЭФтин деканы Ш.О.Шакиев,э.и.к., профессор;

 Катчысы— «КжБ» кафедрасынын лаборанты Г.Ш.Осмонова

Күн тартиби:

   Ар түрдүү маселелер:

  1. 580100. «Экономика» жана 540200 «Социалдык иш» багыттарынын негизги билим берүү программалары менен тааныштыруу жана талкуулоо (презентациялар, баяндамалар);
  2. 2. Ата- энелер менен окуу жайдын байланышынын зарылдуулугу;
  3. Сурамжылоо.

Угулду: 

  1. Алгачкы кириш сөз Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин биринчи проректору п.и.к., профессор Т.Э.Исаковго берилди. Ал өз сөзүндө катышуучуларды  университеттин окуу иштеринин бүгүнкү  абалы жана келечек өнүгүү пландары жана ата- энелердин  негезги билим берүү программаларды  учур талабына ыйлайык келтирүүдөгү орду  жөнүндө  маалымат берлди.
  2. Факультеттин деканы э.и.к. профессор Ш.О.Шакиев чогулуштун катышуучуларына ийгиликтерди каалоо менен бирге  факультеттин  жалпы жамааты стейкхолдерлер- ата- энелер менен  кызматташтыкты үзгүлтүксүз улантаарын белгилеп өттү.
  3. Университеттин Аккредитация жана билим берүү сапаты департаментинин башчысы А.К.Тентимишова ата-энелерге НББП — бул эмне,- деген суроо коюп жана ал ж­өнүндө кеңири маалымат берди
  4. Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча «ЭБЭжСИ»,«КжБ» кафедраларынын башчылары: э.и.к., доценттер А.Ш.Абжамилова, М.М.Сотволдиевалар чогулушка коюлган 580100. «Экономика», 540200. «Социалдык иш» багыттарынын негизги билим берүү программаларын ата- энелерге тааныштырууда актуалдуу маселелерге токтолушту жана кеңири баяндама жасашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө  ата- энелер активдүү катышышып, учурдагы эмгек рыногундагы маселелерге токтолушту жана өз сунуштарын жана пикирлерин ортого салышты. Атап айтканда:

СИ-18 окуу тайпасынын студенти Калдарбекова Мадинанын ата-энеси:  «Социалдык иш» профилине  деле «1С Бухгалтерия», «Электрондук отчеттуулук», «Каржылык ишмердүүлүктөгү ченемдик документтер»  сабактарын киргизүү учур талабы экендигин белгилеп кетти.

  ФК-18 тайпасынын студенти Хамракулов Ёркинбектин ата-энеси: «Экономика» профилдерине «Каржылоонун ислам принциптери», «Банктагы бухгалтердик эсеп», «Экономикалык сабаттуулуктун негиздери» сабактарын  окуу планына  киргизүү ойлорун айтышты.

   Ата — энелер ар дайым балдарынын  керектүү  компетенцияларга (жарамдуулукка) ээ болтуруучу сабактарды факультет жетекчилиги ата- энелерге сунуштап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушса жакшы натыйжа берээрин эске салашты.

«ЭБЭжСИ» кафедрасынын улук окутуучусу Г.К.Калыбекова «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» профилинин окуу планынын  өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндама презентациялоо аркылуу жасаса, ал эми  «КжБ»  кафедрасынын  окутуучусу

А. А. Муртазаев «Каржы жана насыя» профили жөнүндө айтып берди.

Чогулуштун жүрүшүндө  тараптардын ортосундагы аңгемелешүүлөр суроолор — жооптор менен өттү.

Токтом:

  1. 580100. «Экономика» жана 540200. «Социалдык иш» багыттарындагы негизги билим берүү программаларына жана учурдагы  профилдердин окуу пландарына  ата- энелердин сунуштарынын негизинде толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин;

Иш-чаралдардын аткарылуусун кафедра башчыларына милдеттендирилсин;

  1. 2. Ата- энелер менен байланыштарды  үзгүлтүксүз жүргүзүү  тайпа кураторлоруна жүктөлсүн;

3.Чогулуштун протоколунун  көчүрмөлөрү  университеттин  Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментине маалымат катары берилсин, ал эми тайпа кураторлоруна иш-чараларды жүргүзүүдө жетекчиликке алынсын;

4.Сурамжылоонун жыйынтыгы эске алынсын.

Чогулуштун төрагасы: КЭФтин деканы э.и.к., профессор_____________   Шакиев Ш.О.

Катчысы : «КжБ» кафедарасынын

лаборанты ____________ Осмонова Г.Ш.

 


Каржы-экономика факультети

«Каржы жана башкаруу», «Экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш» кафедраларынын  иш берүүчүлөр (Стейкхолдерлер) менен 580100 «Экономика» багыты боюнча on-line  режиминдеги чогулушунун 

№8 «а» Протоколу

2021-жылдын  9-апрели

Катышуучулар:   

Чогулуштун  төрайымы —  «КжБ» кафедрасынын башчысы М.М.Сотволдиева,     э.и.к., доцент;

Катчысы- «КжБ» кафедрасынын лаборанты Г.Ш.Осмонова

1) иш берүүчүлөр;

2)«КжБ», ЭБЭжСИ» кафедраларынын толук курамы;

3)Университеттин аккредитациялоо бөлүмүнүн

кызматкерлери.

4) «Экономика» багытынын студенттери

Күн тартиби:

  1. 580100 «Экономика» багытынын негизги билим берүү программасын карап чыгуу жана талкуулоо;
  2. «Экономика» багытынын профилдеринде окуп жатышкан студенттердин окуу пландарында калыптандыруучу компетенцияларды (жарамдуулуктарды) кызыктар тараптардын сунуш- пикирлерин эске алуу менен  негизги билим берүү программасына жана окуу пландарына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү;
  3. Түрдүү маселелер.

Угулду:  

  1. Алгачкы кириш сөз Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин биринчи проректору п.и.к., профессор Т.Э.Исаковго берилди. Ал өз сөзүндө катышуучуларды  университеттин окуу- тарбиялык иштеринин бүгүнкү  абалы жана келечек өнүгүү пландары менен кеңири маалымдады.
  2. Факультеттин деканы э.и.к. профессор Ш.О.Шакиев чогулуштун катышуучуларына ийгиликтерди каалоо менен бирге  факультеттин  жалпы жамааты, студенттик коомчулугу иш берүүчүлөр (Стейкхолдерлер) менен  кызматташтыкты үзгүлтүксүз улантаарын белгилеп өттү.
  3. Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча «КжБ» кеафедрасынын башчысы э.и.к., доцент М.М.Сотволдиева чогулушка коюлган 580100 «Экономика» багытынын негизги билим берүү программасын тааныштырууда актуалдуу маселелерге токтолду жана маалыматтарды берди.

Иш берүүчүлөр чогулуштун жүрүшүндө активдүү катышышып, учурдагы эмгек рыногундагы маселелерге токтолушту жана өз сунуштарын жана пикирлерин ортого салышты. Атап айтканда:

«Келечек» ЖЧКнын башкы бухгалтери- К.А.Талканчиева  «Экономика» багытынын бардык профилдериндеги негизги билим беруу программасында жана окуу планында каралган «Баалуу кагаздар рыногу», «Баа жана баанын пайда болуусу» сабактарынын  кредитин,сааттарын кескин азайтуу же болбосо биротоло окуу планынан алып салуу сунушун киргизип, анын ордуна  «1С Бухгалтерия»  «Электрондук отчеттуулук»  сабактарын киргизүү учур талабы экендигин белгилеп кетти. Ошондой эле К.А.Талканчиева жана жеке ишкер К.У.Хайруллаевдер  университеттин деңгээлинде же факультетте  окуу процессин өндүрүш менен тыгыз байланышын күчөтүү үчүн  атайын бөлүм ачууну  кызыктар катары сунуштады жана уюштуруу механизмдерине, ыкмаларына токтолду (Практиканы уюштуруудан тышщкары).

«ЭкоИсламик» банкынын Ноокаттагы  бөлүмүнүн  бухгалтери И.Төрөев  менен «М-Булак»  микрокредиттик компаниясынын  менеджери М.М.Маматазизов «Каржы жана насыя» профилине «Каржылоонун ислам принциптери», «Банктагы бухгалтердик эсеп» сабактарын башка  сабактардын кредиттерин азайтуунун эсебинен окуу планына  киргизүү ойлорун айтышты.

Учурда студенттерге «Каржылык сабаттулуктун  негиздери» сабагын «Экономика» багытынын бардык профилдерине кошуп окутуу зарылчылыгын белгилешти.

Оштогу «Керемет банк» ААКнун башкаруучусунун орун басары К.Ы.Закиров «Инвестициялык долбоорлорду баалоо»,- деген сабакты токтоосуз окуу планына киргизүү керектигине токтолду.

«Бай-Түшүм» банкынын Кара-Суу  филиалынын  башкы адиси  И.Д.Давыдов студенттерди «Банкирдин мектеби»,- деген долбоорго кантип катышуунун жолдорун айтты жана чакырды. Ошол эле учурда   өндүрүштүк практикага чыккан студенттердин колунда практиканы өткөрүү боюнча атайын күндөлүктөр  жана программалар менен камсыз болгондугуна  карабастан  эмнеден баштаарын билбей калган учурларына токтолуп, балким «Адаптация производственной среде» («Өндүрүштүк чөйрөгө көнүгүү») сабыгын же  атайын сабактарга  бир чоң бөлүм катары  кошуу  оюн айтты. Ошондой эле өндүрүш ишканалары менен келишимдерди  жаңылап, учур талабына ылайыктап түзүп туруу жана практиканы каржылоо маселесин чечүү чоң мааниге  ээ экендигин белгиледи.

Кийинки жарыш сөздөргө «ЭБЭжСИ» кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент А.Ш.Абжамилова жана бир канча чакырылган иш берүүчүлөр чыгышты ( Тиркемеде көрсөтүлгөн).

Чогулуштун жүрүшүндө  эки тараптуу берилген суроолорго тийиштүү  жооптор алынды.

Токтом:

  1. 580100 «Экономика» багытындагы негизги билим берүү программасына жана учурдагы профилдердин окуу пландарына  иш берүүчүлөрдүн сунушунун негизинде толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин. Ишке ашыруу укугу кафедра башчыларына милдеттендирилсин.
  2. 2. Иш берүүчүлөр менен байланыш үзгүлтүксүз улантылсын.
  3. 3. Чогулуштун протоколунун толук көчүрмөлөрү университеттин Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментине жана иш берүүчүлөрдүн даректерине жеткирилсин.

 

Чогулуштун төрайымы: «КжБ»

кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент 

 Сотволдиева М.М.

 

Катчысы : «КжБ» кафедарасынын

лаборанты Осмонова Г.Ш.