21-май күнү «Кыргыз-Өзбек университети-келечектин ачкычы» аталышындагы Өзгөн районунун мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган Кесипке багыттоо иш-чарасы онлайн форматында өттү.
21-май күнү «Кыргыз-Өзбек университети-келечектин ачкычы» аталышындагы Өзгөн районунун мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган Кесипке багыттоо иш-чарасы онлайн форматында өттү. Кесипке багыттоо иш-чарасына университеттин Мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору, ф.и.к. С.Т.Сарыков, Аялдар кеңешинин төрайымы Ж.А.Жээнбекова, Кесиптик лицейдин директору К.М.Тиллебаев, Медициналык колледждин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Н.Талиповдор жана Өзгөн районундагы А.Төлөнов, Ы.Бектемиров, Т.Машрапов,
С. Ашимов, С. Кадыров, В.И.Ленин атындагы орто мектептеринин директорлору, мугалимдери жана 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү катышты. Мындан сырткары Кыргыз-Өзбек университетин ийгиликтүү бүтүрүп бүгүнкү күндө ар тармактарда эмгектенип келе жаткан бүтүрүүчү адистер катышты жана өз каалоо-тилектерин айтышты. Онлайн түрүндө өткөрүлгөн иш-чарада мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн берген суроолоруна Кыргыз-Өзбек университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, э.и.к.Урайымов Нурмамат Жапарович жооп берди.