«Тандоо бар-баңги затсыз жашоо»

2022-жылдын 30-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин студенттеринин адистиктери арасында «Тандоо бар-баңги затсыз жашоо» аттуу спорттун эстафета түрү жана баңгизат тууралуу стенгазета, бат окуу боюнча мелдеш болуп өттү.
Иш-чарага кесиптик колледждин директору Чолпон Абдуллаева, КРнын ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жугүртүүгө каршы бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын подполковниги Жапакова Гулмира Жусубалиевна, милициянын майору Суваналиев Таалай Абдалиевич, ОБСЕ кызматкери Элина Канаева катышты.
Келген коноктор баңгичиликке жана токсикоманияга берилүү көйгөйү жаш муундарда көбүрөөк кездешип, мыйзамсыз заттарды алгачкы даамдап көрүү өспүрүм курактагыларга туура келип жаткандыгын айтып, негизги себептери -кызыгуу, белгисиз сезимдерди башынан өткөргүсү келүү өспүрүмдөрдү баңгичиликке азгырып жатат деп белгилеп, ошондуктан бүгүнкү иш-чара ага каршы өткөрүлүп жаткандыгын баса белгилеп жаштарды баңги заттардан алыс болууга үндөштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө спорттун эстафета түрү боюнча жалпы 11 адистиктен 12 курама команда катышып ар бир курама командада 4 кыз 4 бала бир команданы түздү.
1-орунду мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттери;
2-орунду ПОВТАС адистигинин студенттери;
3-орунду англис тили адистигинин студенттери ээлешти.
Стенгазета боюнча 15 тайпа катышып
1-орунду ИЯ9-1-21 тайпасы;
2-орунду ПНК9-3-20 тайпасы;
3-орунду ИЯ9-2-20 тайпасы ээледи.
Бат окуу боюнча 60 секундта
1-орунду ПНК11-2-21 тайпасынын студенти Каныбек кызы Айгерим 213 сөз,
2-орунду ИЯ9-2-21 тайпасынын студенти Тагаева Сейил,
3-орунга Ташболотова Муслима ээлик кылды.
Байгелүү орундарды ээлеген студенттерди жана командаларды КРнын ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жугүртүүгө каршы бөлүмү жана ОБСЕ уюму баалуу белектер менен сыйлашты.
Бул иш-чаралар студенттердин ден соолугун чыңдоо, сергек жашоого үндө максатында ЭУКС бирикмеси, тил жана табигый сабактар бирикмеси тарабынан уюштурулду.
#oscebishkek