Аталган иш-чаранын коногу болуп, университеттин илимий иштер боюнча проректору, т.и.д. профессор М.М. Исманов, ТПжМТ факультетинин деканы ф.и.к. Ж.К.Жээнтаева жана ТФ кафедрасынын улук окутуучусу Г.А.Сариевалар катышты.
Китеп дүйнөсүнө арналган докладдар англис тилинде окулуп, слайддар менен коштолду. Ошондой эле кечеде студенттер дүйнөлүк классикалык чыгармалардан үзүндүлөрдү англис тилинде көркөм окушту, монологдор айтылды, учкул сөздөр, макал-лакаптар, жаңылмачтар, ыр, бий, сахналык көрүнүштөр чеберчилик менен аткарылды.
Кеченин жүрүшүндө студенттер англис тилине болгон кызыгуусун жана чыгармачылыктарын жогорку деңгээлде көрсөтүшүп, активдүү катышкан студенттер баалуу китептер, сөздүкчөлөр, чөнтөк китепчелер ж.б. кызыктуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Ошондой эле болуп өткөн иш чарада декан Ж. Жээнтаева англис тилинде жүрүп жаткан кечеде студенттерге англис тилинде каалоо тилегин айтты.
Жыйынтык учурунда Медер Марипжанович, Жумагүл Кеңешовна жана Чет тилдер кафедрасынын башчысы Д.Ы. Жусуповалар студенттерге терең ыраазычылык билдирүү менен окууларына ийгилик каалашты.
2020-жыл ичинде Чет тилдери кафедрасынын окутуучулары тарабынан университеттик деңгээлде ар кандай маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлдү. Университеттин ар бир факультетиндеги билим алып жаткан жаш муундар менен өздөрүнүн багыттарынын профилдери боюнча түзүлгөн жумушчу программанын негизинде окутуунун күтүлүүчү натыйжаларынын эффективдүү аткарылышы үчүн кесиптерине байланышкан чакан маданий иш-чаралар байма-бай өткөрүлдү.
Натыйжада Чет тилдери кафедрасынын демилгеси менен 15-мартта «Билими күчтүү студент»,- аталышындагы конкурс өткөрүлүп, ага жалпысынан 30 студент катышкан. Жыйынтыгында 3 студент конкурстун жеңүүчүлөрү болуп табылган. Алардын жөнүндө маалымат төмөндө көрсөтүлгөн.
ИКТ ЕНО(Б)-1-20 Зарина
Алар кафедра жетекчиси тарабынан граммота жана баалуу белектер менен сыйланышып, олимпиадага катышууга аттанышкан.
23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук«күнүнө арналган У.Шекспирдин сонаталары аттуу онлайн конкурс уюштурулуп, бир жумалык аралыкта студенттердин активдүү аракеттенип, жигердүү катышуусунда ZOOM платформасы аркылуу жыйынтыкталган. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып:
1-орун Имадинова Надира ИВТ-2-19
2-орун Шамамат кызы Зарина ЕНО(Б)-1-20
3-орун Осмоналиева Клара ЕНО(Б)-2-20
көрсөтүлүп, массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган. Студенттер конкурс онлайн болгондугуна карабастан англис тилине болгон кызыгууларын жогорку деңгээлде көрсөтө алышкан.
Ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде энелер күнү белгиленип келет. Энелер күнүнө карата кафедранын окутуучулары тарабынан “ Эне- жашоо булагы” аттуу адабий-музыкалык кече уюштурулган. Кеченин максаты эненин чексиз мээримин жана ат көтөргүс мээнетин баалоо менен урматтап, сыйлоого багытталган.
Иш чара 19-май күнү онлайн форматта Зуум платформасында өткөрүлүп, меймандар чакырылган. Иш-чарага арналып университетибиздин чыгаан айымдарын куттуктоо үчүн слайд-шоу, видео материалдар жана банерлер даярдалган.
Кеченин жүрүшүндө университетибиздин аялдар кеңешинин төрайымы Жээнбекова Жийдегүл Акыевна өзүнүн ыраазычылык пикирин билдирген. Кечени кафедра башчысы, доцент Д.Ы.Жусупова куттуктоо сөз сүйлөп ачып берген.
Иш-чарага университетибиздин жогорку билим берүү багытында окуп жаткан факультеттердин (багыты англис тили эмес) 1-курсунун студент тери, алардын энелери жана окутуу эжекелер катышышкан. Таланттуу студент тердин чыгармачылыгын чагылдырган иш-чаранын жүрүшүндө энелердин назиктиги ,ыйыктыгы, улуулугу, каармандуулугу, сабырдуулугу англис, түрк, кыргыз, өзбек, орус, корей, тилдеринде даңазаланган. Ошондой эле жаш таланттар тарабынан энелерге арналган ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар, сахналаштырылган көрүнүштөр, эне жөнүндө баллада, монологдор чеберчилик менен аткарылган.
Маданияттын мыкты кызматкери Айпери Кулбаева кеченин сыйлуу коногу болуп, аялзатына арнап жагымдуу чыгармаларынан аткарып берген. Студенттер катышып отурган кафедранын окутуучуларына жана апаларына карата өз калемдеринен жаралган поэзия саптарын таасирдүү деңгээлде окуп беришип, энелер жөнүндө учкул сөздөр жана ойлор айтылган . Кече маданияттын мыкты кызматкери Айпери Кулбаеванын “Эне” жөнүндөгү ыры менен жыйынтыкталган.
1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналып “Бала жашоо булагы, бала өмүр чырагы” аттуу онлайн дил маек уюштурулган. Коногубуз Эл агартуунун мыктысы, эмгек сиңирген мугалим, мотиватор жана насаатчы Мерсико уюмунун менеджери Садат Саттаровна болгон.
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жана алардын укуктарын коргоо, зордук –зомбулукту жана ырайымсыз мамиле кылууну алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу кеп козголгон.
Балдарды сүйүү ата энелердин аларга болгон чексиз мээрими, балдардын коомдогу орду, алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат берилген.
Иш чара онлайн форматта өткөндүктөн, ссылка конокторго, студенттерге убагында жөнөтүлүп, катышуу мыкты болгон.
Дил маекти кафедранын башчысы, доцент Жусупова Д.Ы. өз сөзү менен баштап, ачып берген. Андан соң кеченин коногу белгилүү педагог эжекебиз Саадат Саттаровна өз ой пикирин, куттуктоо сөзүн сунушун айтып кызыктуу маек куруп берди. Ал балдардын укуктары жана милдеттери, аларга кантип мамиле жасоо, тарбиялоо жөнүндө кеп-кеңештерин айтып берди. Балдар тууралуу ар бир тайпадан даярдалган видео-роликтер, макал-лакаптар, учкул сөздөр, кара сөз түрүндө жазылган ырлар жана кооз сүрөттөр да көрсөтүлгөн.