«Улуу Ата мекендик согуш: тарыхтын сабактары жана замандын чакырыктары» аттуу эл аралык студенттик илимий конференция болуп өттү.

2020-жылы 8-майда Кыргыз-Өзбек университетинде Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо алкагында онлайн «Улуу Ата мекендик согуш: тарыхтын сабактары жана замандын чакырыктары» аттуу эл аралык студенттик илимий конференция болуп өттү.

Конференцияга Россиянын, Белоруссиянын, Өзбекстандын, Таджикистандын, Кыргызстандын 25 окуу жайларынан илимий баяндамалар келип түшкөн.

Конференцияда куттуктоо сөздөрүндө Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, профессор Райымбаев Ч.К., Таджикистандын Россиялык-Славяндык университетинин ю.и.д. Абдухамитов В.А., М.Танка атында Белоруссия мамлекеттик педагогикалык университетинин Башталгыч билим берүү факультетинин тарбиялык иштери боюнча декандын орун басары Буторина И.А. бул Жеңиштин маанилүүлүгүн жаана баа жеткис мурас экендигин белгилеп өтүштү.

Конференцияда Низами атындагы Ташкент малекеттик педагогикалык университетинин тарых.и.д., профессор Нуриддинов З.Э. «Историческая память и чувства узбекского народа в годы ВОВ», КӨУнун «ЭУКС» бирикмесинин окутуучусу тар.и.к. Атаханов Ш.Т. «Взгляды на исторические знания молодежи Кыргызстана о ВОВ в канун 75 летия Великой Победы», М.Танка атындагы Белоруссия мамлекеттик педагогикалык университетинин Башталгыч билим берүү факультетинин 2-курсунун студенти Литвинович Д.Л. «Звездный поход БГПУ как средство патриотического воспитания молодежи». Алтай мамлекеттик медициналык университетинин Дарылоо факультетинин 1-курсунун студенти Егоров Роман «А.Матросов новые страницы биографии» аттуу кызыктуу баяндамаларын конференциянын пленардык отурумунда жасап, кызуу талкууларды жаратышты.

Талкуулардан соң, конференциянын резолюциясынын долбоору тааныштырылып, жалпы добуш менен кабыл алынды.

Конференциянын жабылуу аземинде Кыргыз-Өзбек университетинин Илим боюнча проректору,т.и.д. Исманов Медербек Марипжанович бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Жеңиштин урматына жыл сайын илимий конференцияларды КМШнын окуу жайлары менен биргелешкен форматта өткөрүп турууну салтка айландырууну сунуштап кетти.