2020-жылы 21-май күнү «Экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар» бирикмесининде «Кеп маданияты» жөнүндө он-лайн вебинар болуп өттү.
Он-лайн вебинардын коногу ОшМУнун окутуучусу, КРдин билим берүүсүнүн мыктысы, п.и.к ., доцент Шарипова Мастура Сайпидинова эжекебиз болду.
Иш-чаранын алкагында Ш.М. Сайпидинова студенттер жана жаш окутуучуларга өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, кептин таасири, сөздүн маңызы, сүйлөө маданияты, угуу маданияты жөнүндө баяндама жасады .
Семинардын жүрүшүндө талкуулар орун алып, ой-толгоолор, сунуштар айтылып, суроо-жооп менен коштолуп, студенттер өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышты.
Ш.М.Сайпидинова эжеке жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдиребиз!