2020- жылдын 7- майында Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетинин кыргыз филология кафедрасы тарабынан Улуу Жеништин 75 жылдыгына карата «Кыргыз адабияты Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» аталышында илимий семинар өткөрүлдү.

🇰🇬 2020- жылдын 7- майында Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетинин кыргыз филология кафедрасы тарабынан Улуу Жеништин 75 жылдыгына карата «Кыргыз адабияты Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» аталышында илимий семинар өткөрүлдү. Кыргыз-Өзбек университетинин илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Исманов Медербек Марипжанович катышып семинарды ачып берди.Тарых-филология факультетинин деканы Тилекова Назира Дүйшөбаевна да катышып куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

📚 Семинарда тарых-филология факультетинин кыргыз филология кафедрасынын окутуучулары жана кыргыз тили жана адабияты адистигинде билим алып жаткан студенттер тарабынан баяндамалар жасалды. Баяндамачыларга семинардын катышуучулары тарабынан суроолор берилип, илимий семинар жандуу өттү. Иш-чаранын аягында резолюция кабыл алынып, илимий семинар максатына жетти. Семинардын модератору тарых-филология факультетинин кыргыз филология кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Исмаилова Бактыгүл Таштемировна болду.