Тарых-филология факультети жыл жыйынтыгын чыгарды
Декабрь айынын экинчи декадасында тарых-филология факультетинде адатка айланып калган «Жыл жыйынтыгы» отчеттук иш-чарасы концерттик программа менен коштолуп, жогорку деңгээлде өттү.
Иш чарага Кыргыз-Өзбек университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к. Сарыков Сыргак Токтосунович , факультеттин жалпы профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.
Окуудагы мыкты жетишкендиктери, коомдук, маданий-массалык иш-чараларга катышуудагы активдүүлүктөрү менен өзгөчөлөнгөн, алдыңкы студенттер факультеттин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Факультеттин деканы, п.и.к., доцент Тилекова Назира Дүйшөбаевна студенттердин татыктуу билим алуусуна ар тараптуу шарт түзүп берүүдө окуу жай, педагогикалык жамаат менен бирдикте ата-энелердин да жоопкерчилиги зор экендигин баса белгиледи. Ошондой эле мыкты окуган, таланттуу студенттердин ата-энелерине ыраазычылык билдирүү менен Алкыш баракчаларын ыйгарды.




