Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү
Аталган отурумда 2020-2021-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча жооптуу катчынын отчету уктурулуп, кийинки окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууга карата даярдыктар тууралуу маалыматтар айтылды.
Кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысы Урайымов Нурмамат Жапарович берген маалыматтар окумуштуулар кеңеши тарабынан талкууланып, сунуш-пикирлер айтылып бир чечим менен жактырылды.
#Быйылкы_жылы Кыргыз-Өзбек университети 2020-2021-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну аралыктан жүргүздү. Учурда студенттердин коопсуздугун эске алуу менен билим берүү ишмердиги онлайн режиминде үзгүлтүксүз уюштурулуп жатат.
Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө күн тартибине ылайык 2020-жылы Республикалык бюджет тарабынан каржыланып жаткан илимий долбоорлордун аткарган иштери тууралуу долбоор жетекчилери эсеп-кысабын берди.





Суйорбек Таштемиров, Alisher Iusupov и ещё 58
Комментарии: 6
Поделились: 3
Нравится
Комментировать
Поделиться