Окуу жайда эмгектенип кеткен карыялар сыйланды
Окуу жайда эмгектенип кеткен карыялар сыйланды
1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Кыргыз-Өзбек университетинин ректораты жана бириккен профсоюз комитети тарабынан окуу жайда эмгектенип кеткен карыялар сыйланды.
КӨУнун ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич төрүбүздүн көркү болгон карыларыбызды жылуу тосуп алып, университет үчүн жасаган эмгектерине токтолуп, дайыма сый-урматтын үстүндө болуп, өрнөктүү өмүр сүрө бериңиздер деген каалоосун билдирди.
Ошондой эле Кыргыз-Өзбек университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Эгембердиев Шералы Манаабович куттуктоо сөзүн жолдоду.
Андан соң акчалай жана атайын даярдалган белектер тапшырылды.
Кубанычын жашыра албаган ардагерлерибиз университеттин өнүгүү жолунда бара жатканын айтып, окуу жайдын жамаатына ыраазычылыгын билдирип, батасын беришти.
Эскерте кетсек жыл сайын Кыргыз-Өзбек университети түптөлгөн күндөн тартып ак кызматын кылып кеткен ардагерлерибизге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.