Кыргыз-Өзбек университетинин Билим берүү жана илим министрлигине жолдогон арызынын негизинде…
📌Кыргыз-Өзбек университетинин Билим берүү жана илим министрлигине жолдогон арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин атайын буйругуна ылайык, 2020-жылдын 11-сентябрында Кыргыз-Өзбек университетинин жогорку билим берүү ишмердигин жүргүзүүгө лицензия берүү үчүн курамы 8 адамдан турган экспертизалык комиссия университеттин жогорку билим берүү ишмердигин жүргүзгөн түзүм жетекчилери менен жолугушту.
📌Жолугушууда окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, профессор Т.Э. Исаков комиссия мүчөлөрү менен тааныштырып, жыйынды алып барды.
📌Сөз кезегинде экспертизалык комиссиянын төрагасы, Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институттун проректору, химия илимдеринин кандидаты, профессор Бабеков Анарбай Ураимович Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген эки күндүк мөөнөттө комиссия тарабынан аткарыла турган иштердин мазмуну менен тааныштырып өттү.
📌Жыйындан соң комиссия мүчөлөрү өз ишин баштады.