Кыргыз-Өзбек университетинде окумуштуулар кеңешинин №I отуруму болуп өттү.
2020-жылдын 4-сентябрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинде окумуштуулар кеңешинин №I отуруму болуп өттү.
Аталган отурумга окумуштуулар кеңешинин жана өндүрүштүк кеңештин кеңейтилген курамынын мүчөлөрү аралыкты жана санитардык эрежелерди сактоо менен катышты.
#Күн_тартибинде
📌Университеттин 2019-2020-окуу жылына пландаштырылган негизги маселелеринин аткарылуусу жана 2020-2021-окуу жылына карата ишмердүүлүктүн багыттары боюнча планын бекитүү тууралуу ишмердүүлүктүн багыттары боюнча дайындалган жетекчилер баяндама жасашты.
📌Ал эми 2020-2021-окуу жылына университеттин функционалдык-структуралык түзүмүн бекитүү жана тиешелүү жетекчилерди дайындоо;
✅Университеттин окумуштуулар кеңешинин отурумдарынын 2020-2021-окуу жылы үчүн иш планын бекитүү;
✅Университеттин окумуштуулар кеңешинин 2020-2021 жана 2021-2022-окуу жылдары үчүн курамын бекитүү боюнча КӨУнун ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич баяндама жасап кенен маалымат берди.
📌Андан соң ар түрдүү маселелер каралып, сунуш-пикирлер айтылып, күн тартибине коюлган маселелер, иш пландары окумуштуулар кеңеши тарабынан колдоого алынып бекитилди.