КӨУнун ректору келе жаткан Орозо Айт майрамыңыздар менен куттуктайт!
💠Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич бардык Кыргызстандыктарды анын ичинде Ош шаарынын жашоочуларын жана Кыргыз-Өзбек университетинин профессордук-окумуштуулар жамаатын, студенттерди ыйык Рамазан айынын бүтүшү жана келе жаткан Орозо Айт майрамы менен куттуктайт.
💠Куттуктоодо, Чаткалбай Кенейбаевич Рамазан айы кечиримдүүлүктүн, тазалануунун айы экенин баса белгилеп, орозо кармаган мекендештерибиздин орозосу кабыл болуп, каалоо-тилектери орундалып, ар бир үйдө ынтымак ыроолоп, бейкутчулук орносун деген тилегин билдирген.
- 📌Белгилеп айта кетсек, ректор Чаткалбай Райымбаевтин демилгеси жана КӨУнун профсоюз комитетинин төрагасы Эгембердиев Шералы Маннабовичтин колдоосу менен КӨУнун окутуучулар жамаатына Орозо Айт майрамына карата материалдык колдоо көрсөтүлдү.🌾🌾🌾