21.05.2020 КӨУнун «Чет тилдери»кафедрасында «William Shakespeare-is the person of millennium» аттуу кезектеги көргөзмөлуу ачык сабагы онлайн режиминде Zoom платформасынын негизинде өткөрүлдү.

21.05.2020 КӨУнун «Чет тилдери»кафедрасынын окутуучулары Н.Ы.Рыскулова жана Ж.Ч.Эркебаеванын «William Shakespeare-is the person of millennium» аттуу кезектеги көргөзмөлуу ачык сабагы онлайн режиминде Zoom платформасынын негизинде өткөрүлдү. Окутуучулар team teaching форматында заманбап технологиялык усулдарды колдонуп, слайд шоу, видеоролик терди байма-бай колдонушту.Студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн көргөзүштү. Сабактын негизги максаты: студенттердин ооз эки суйлоо речин өнүктүрүү, сөз байлыгын көбөйтүү жана У.Шекспирдин дүйнөлүк адабияттагы ордун даңазалоо. Сабактын аягында сабакка катышкан окутуучулар тарабынан анализдер берилди жана сабактын жогорку деңгээлде өткөндүгү баса белгиленди. Кафедра башчысы доцент Жусупова.Д.Ы катышуучуларга жана окутуучуларга ыраазычылыгын билдирип, ийгилик каалады.