2020 — жылдын 19 – май күнү Кыргыз – Өзбек университетинин тарых – филология факультетинин орус филология кафедрасы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин факультеттер аралык орус тили кафедрасы менен биргеликте «Тилдерди инновациялык окутуунун азыркы учурдагы көйгөйлөрү» аттуу эл аралык онлайн конференция өткөрдү.
🔻Конференцияда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинен профессору, п.и.д. Ахметова Н.А. жана ф.и.к., профессор Осмоналиева Г.К., Хаджи Байрам Вели атындагы Анкара университетинин Ph.D Мырзабекова М., Аль — Фараби атындагы Казак улуттук университетинин доценти Исмаилова Ш.А., С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университинин доценти, ф.и.к. Иманалиева Ж.К. жана Кыргыз – Өзбек университетинин доценти, п.и.к. Калматова Г.М. актуалдуу темаларда мазмундуу баяндама жасашты.
🔻 Конференцияда азыркы учурда тилди окутуунун актуалдуу маселелери боюнча талкуу болду.
Талкуулардан сон конференциянын резолюциясынын долбоору тааныштырылып, жалпы добуш менен кабыл алынды.