2020-жылы 10-майда Кесиптик колледждин «Экономика жана укук» бөлүмүндө бүтүрүүчулөрү менен жолугушуу кечеси болуп өттү

2020-жылы 10-майда Кесиптик колледждин «Экономика жана укук» бөлүмүндө  «Менин ийгилигимдин башаты- Кыргыз-Өзбек университети» аттуу  030503  «Укук таануу» адистигинин  бүтүрүүчулөрү менен жолугушуу кечеси болуп өттү . Жолугушуу кечесине 2012-жылдан баштап 2018-жылга чейинки бүтүрүүчулөр катышты. Бул иш чаранын алкагында бүтүрүүчүлөр «Мен кечээ жана бүгүн» аттуу темада өздөрүнүн ийгиликтеринин тарыхын айтып өтүштү. Бүтүрүүчүлөр алган билимдеринин ишке жайгашууда, билим алуусун улантууда канчалык денгээлде канааттанырганына баа беришти. Бүтүрүүчүлөр практика өтүүгө чоң көнүл бурууга сунуш беришти. Тандоо курстарына Кесиптик этиканы, баарлашуу ыктарын, психологиялык абалды жөнгө салуу компетенцияларын калыптоочу сабактарды киргизүү сунушу берилди. Жолугушуу өз максатына жетти.