КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖ: Мектеп бүтүрүүчүлөрү менен онлайн жолугушуу уюштурду
✔️2020-жылдын 4-май күнү кесиптик колледжде «Куш кел абитуриент-2020» деген аталышта кесипке багыттоо иш-чарасы болуп өттү. Кесипке багыттоо иш-чарасына түрдүү аймактардан мектеп бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр катышты. ✔️Кыргыз-Өзбек университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Н.Ж.Урайымов окуу жайыбыз жөнүндө жалпы маалымат берип, абитуриенттер кызыккан суроолоруна кенен жоопторду алышты.